Бүгүн дагы сиз менен телефон аркылуу байланыштым. “Болду, сиз менен экинчи сүйлөшпөйм” деп сөз берип алып, кандайча телефонуңузга жооп берип калганымды сезбей калам. Ана токтотом, мына токтотом деп жүрүп, арадан 3 жылдын кандай өтүп кеткендигин билбей да калыптырмын. Баео айылдык кыз, билим кууп Бишкекке келип-келбей жатып, жашоомдун ушундай нукка бурулуп кетээрин билсем кана…

Шаарга жаңы келип, кыз- дар, жигиттер менен таанышып дегендей, күндөр өтүп жатты. Ошондой күндөрдүн биринде, Ала-Тоо кинотеатрынын алдында эски тааныштардай болуп, жаныма жакын келип, сүйлөшүп калган элек. Биринчи көргөндө сиз аябагандай улгайыңкы көрүнүп, сиз менен эл көзүнө көрүнгөндөн уялып да жүрдүм. Сиздин жылуу сөздөрүңүзгө арбалып, канчалаган кафе, ресторандарда болуп, өзүмдү эң бактылуу сезген күндөр деле болбой койгон жок. Ошентип жүрүп, сиздин кантип көмүскөдөгү экинчи (экинчиби, же үчүнчүбү, ким билсин…) аялыңыз болуп калганымды сезбей дагы калдым. Сизге боор басып алгандыгымдын айынан, экөөбүз барчу мейманканага эрте барып, сизди саргайып күткөн күндөрүмдү эстесем, өзүм дагы түшүнбөгөн акыбалга туш боломун. Мени менен шашып-бушуп, бир-эки саат болуп, өз кумарынызды кандырып алып, үй-бүлөңүзгө шашканыңызга деле көнүп калгам. Ооба, айтканымды айткандай, дегенимди дегендей орундап жаттыңыз. Майда-чүйдө белек-бечкектерди эске албаганда, зачет, контракттын төлөмүн, баардыгын чечип берип турдуңуз. Кыз баланын бир бети ачылып алса, баары бир болуп калабы, же менин эле тагдырыма ушундай нерселер жазылганбы?! Канча жолу баардыгын төкпөй- чачпай сизге айткым келди. Бирок сиздин мага деген ишеничиңизди актай албай, мындай тыштан чыккан иштерге барып жүргөнүмдү билсеңиз, кечире албайт болсоңуз керек. Эгерде гезит аркылуу сизге жазган катымды окусаңыз, мен экенимди түшүнүп кандай акыбалда болот экенсиз?! Мени кечире албайт болушуңуз керек. Бирок мен да- гы тирүү жанмын, ортобуздагы жаш айырмачылыгыбыз 29 жаш экендигин эске алып, түшүнүү менен мамиле жасап, ортобуздагы катынашты токтотконубуз туура болот деп чечтим. “Параг- рафка” жазып жатканымдын себеби, сиз  үзбөй окууруңузду билемин. Ошентип бир-бирине окшош күндөрдүн биринде, сиздин бул кылыгыңыздан тажап бара жат- канымды сездим. Менин турмушумдагы биринчи көргөн эркек – сиз, өзүңүз экениңизди билип туруп, мени ушинтип чала өлгөн жылаандай кылып таштап кетип жатканыңыздан, сиздин менден ысыгыңыздын сууй баштаганын ичимден сезип жүрдүм. Биз бар- чу мейманкананы таң атканча жалдап, акчасын төлөп койго- нуңуз менен саат он болбой мени жалгыз таштап кеткен күндөрүңүз акыркы убакыттарда чектен чыгып, менин кыжырыма тие баштады. Жыйырмадан жаңы ашкан мага сиз менен болгон төшөк оюндары аздык кылып жатты. Же ачылып айта албайм. Кан- чалаган таңдарды сизсиз атыра албай кыйналып, өзүңүз төшөк оюндарынын баардык түрүнө үйрөтүп алып, эми минтип жаз- дыкты кучактатып жалгыз таш- тап кетип жаттыңыз. Бар күчүмдү ыйдан чыгарып, көз алдыма аялыңыз экөөңүздүн тердеп-тепчип, эзилишип төшөктө жатканыңыздарды элестете калсам, бир саам жүрөгүм сокпой калгандай да болуп жүрдү. Ошондой күндөрдүн биринде, таң атканча ыйлап шишиген көздөрүм менен аялдамага чыгып, таксиге отуруп квартирамды көздөй бет алдым. Жап- жаңы “Мерседестин” рулунда, жашы отуздарга чамалап калган, өзүн Урмат деп таанышытырган сулууча келген жигит эмнегедир артта отурган менден маңдайында турган күзгү аркылуу көзүн албады. Буулугуп турган мен, сөздү өзүм баштадым. Сөздөн сөз чыгып отуруп, жолдон Урмат “Народныйга” кирип, бир баштык тамак-аш алып, Орто- Сай айылын көздөй бет алдык. Көз алдыма кайра-кайра сиздин аялыңыз экөөңүздүн эзилишип жатканыңыз келип жатты. Ансайын эрегишкендей Урматка ыктай бердим. Ээн жерге токтоп, баштыгын ачып, отурган жери- бизге чакан дасторкон дагы жайып жибердик. Сиз барда жалаң кымбат баадагы вино ичип кө- нүп калган мага азыр баары бир болуп турду. Мелтилдете арактан куйган Урматтын чөйчөктөрүнүн экөө-үчөөсүн бошотуп дагы үлгүрдүм. Ошентип отуруп, кантип машиненин арткы орундугунда энеден туума болуп, Урматтын кучагында жатканымды байкабай дагы калдым. Сиз менен ар дайым ак шейшепке көнүп кал ган жаным, машинедеги кумар оюндарынан оюмдагыдай ырахат ала албай жүрдүм. Кийинчерээк сиз келип кеткенден кийин мейманканага Урматты чакырып алчу болдум. Ошентип менин төшөк кумарым эки смен менен өтүп жатты. Эмнегедир сиз менен мурдагыдай боло албай, көңүлүңүздү калтырбоонун ай- ласын издеп, сиздин мага арнаган эки саатыңызды сиз каалагандай өткөргөнгө аракет жасап жүрдүм. Баары бир мурдагыдай эмес, сиздин эртерээк кеткени- ңизди каалап, ичимен чыдамсыздык менен Урматты күтчү болдум. Сиздин мага деп алып келген кымбат винолоруңузду, “анан жатаарда ичейинчи” деп Урматка калтырып коюп жүрдүм. Машинеңизди таанып алган Урмат дагы сиз узап-узабай кирип келчү. Ошентип нечендеген аппак таңды чогуу өткөрүп жүрдүк. Этеси сиз чалганда, мурдагыдай капаланып эмес, жайдары каткырып жооп берип жатканым- дын себебин билген да жоксуз. Күндөр өтүп жатты. Алгач Урматтын жанында өзүмдү ыңгайсыз сезип жүрсөм, бара-бара эрди- катындай эле көчөдө басып, эл көзүнө ачык чыктык. Ал дагы болгон сүйүсүн мага арнаганды гын, менсиз жашай албай тургандыгын айтып, тереңдеп кеткендей болгонбуз. Анан… анан эле бир күнү сабактап чыгып, жолдун жээгинде, машинаңыздын жанында Урмат экөөңөрдүн кол жаңсап бири-бириңерге катуу кыйкырышып жатканыңарды көрүп калдым. Силерге көрүнбөгөнгө аракет жасап басып кеттим. Бүткөн боюмду калчылдак басып, нечендеген ойлордун жетегинде бара жатып, жашаган жериме кандайча жеткенимди байкабай дагы калыптырмын. Кечтин киришин чыдамсыздык менен күтүп, Урматты чакырып алууга мажбур болдум. Машинесинде бир топко чейин унчукпай отурган Урмат, “Ал байкени кайдан тааныйсың?” — деген суроомо: “Кайсы кафеге барабыз?” — деп суроомо суроо узатты. Кабагы салыңкы. Ой баскан. Машине биз көп барчу “Кочевник” кафесине келип токтоп, көпчүлүк отурган жерден алысыраак барып орун алдык. Баягы мен билген шайыр Урмат жок. Унчукпай официант алып келген “Виват” арагынан баса-баса катары менен үчтү алып жиберип, сиз менен болгон тааныштыгын төкпөй-чачпай айтып отурду. Мен, — деп баштады Урмат, — бул уятсыз, эки буттуу айбан менен гезиттеги жарнама аркылуу, иш издеп жүрүп таанышканмын. Ал кезде бул бир мекеменин жетекчиси экен. Телефон аркылуу байланышып, көп өтпөй ага ай- дооочу болуп жумушка орноштум. Күндөр өтүп жатты. Анын кээ бир четтен чыккан жоруктарына чыдап, үй-бүлөмдү багам деп иштеп жүрдүм. Арадан билинбей отуруп, бир жыл өтүп кетти. Май айынын орто чендеринин биринде үй-бүлөбүз менен тоого чыгып, эс алып келели деп калды. Оюмда жаман нерсе жок, эки жашар уулумду кайын эжеме таштап, келинчегимди алып тоого чыктык. Тоого “менин экинчи келинчегим” деп жашы отуздарды чамалап калган Зина аттуу айымды ала чыгыптыр. Келинчегим менен Зина бир паста эле дасторконду жайнатып, баарыбыз тегеректеп отуруп калдык. Ичтик, жедик, ырдадык дегендей… Ичпеймин дегениме койбой, “мен барда эч ким токтотпойт, иче бер” деп отуруп, көптөн бери ичпей жүргөн мен, кандайча мас болуп калганымды байкабай дагы калыптырмын. Ойгонсом күн уясына батып калыптыр. Зина уктап жатат, келинчегим суу боюнда отурат. Сөздүн кыскасы, ошол күнү бул айбаның келинчегимди мастыгымдан пайдаланып, зордуктап салыптыр. Муну уккан мен, сенин “байкеңди” муунтуп жатканымды бир билем. Эсиме келсем, үйүмө келип , кийимдеримди чемоданга салып жатыптырмын. Ошентип бир айбандын айынан алмончоктой келинчегимди, эки жашар уулумду таштап ата- энемдикине баса бер- дим. Ортодогу туугандарым канча жолу жараштырганга аракеттеништи, мен болбой койдум. Уулумдун кылык-жоругун эстегенде өзүмдү коерго жер таппай кетемин. Азыркы иштеген ишим жакшы болгону менен келинчегим менен уулумду эстегенде өзүмдү алаксытуу үчүн түн жарымына чейин бирөөлөр менен көңүл ачып отурууну адат кылып алдым. Ошондой күндөрдүн биринде сага жолуктум. Алгач маани бербей, сени менен көңүл ачуу иретинде жолугушуп жүрүп, бара-бара сага байланып калганымды түшүнө баштадым. Сени чын сүйөрүмдү сезе баштадым. Сенин өткөн өмүрүңдүн баардыгын чийип салып, сага үйлөнүүгө бел байлаган элем. Анан… анан эле бир күнү сага шашып келе жатып, сенин квартираңдан тигинин чыгып келе жатканын көрүп, эсимди жоготуп, кулап кала жаздадым. Мурда билчүмүн, сен өзүңөн улуу бирөө менен жолугушуп жүргөнүңдү, өзүң деле башын чыгарып айтчу эмес белең… Бирок дагы үч уктасам түшүмө кирбеген, улуу “байкең”, бир убакытта бир үй-бүлөнү талкалап, боор этимдей болгон уулумду тирүү жетим кылган адам экенин ойлобоптурмун, — деп оор үшкүрүнүп, сөзүн аяктап, мелтилдете куюлган аракты алып жиберди. Анын көз карашынан мен аны түбөлүк жоготконумду туюп турдум. Сөз арасында Урмат сиз- дин байлыгыңызга, бийлигиңизге таянып далай кыздын тагдырын талкалап, убалына калганыңызды айтып дагы үлгүрдү. Урматтын айткандарынын баардыгын угуп отуруп, башым катуу ооруп, кан басымымдын көтөрүлүп чыккандыгын бай- касам дагы, сыр бербей сөзүнүн акырына чейин укканга аракет жасадым. Көз алдыман Урматтын эки жашар “аталаган” баласы кетпей, сизге деген менин жийиркеничимди андан бетер күчөтүп турду. Болду. Мени унутуңуз. Гезиттин бул саны колуңузга тийгенде менин телефонумдун номери өзгөрүп, башка жакка жер оодарып кеткен болом. Кош болуңуз.

Турмушунан адашкан токтогулдук Бактыгүл

Параграф пресс

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here