Тасмадагы каарманыбыздын өмүр таржымалы же спорттук карьерасы өтө кызык. Майдаларын эсептебегенде да ал — дүйнөлүк олимпиада оюндарынын бир алтын, эки коло медалдарынын ээси. Планетанын эки жолку мыкты гандболчусу. Он жылдан бери Европанын түрдүү командаларын, анын ичинде Польша менен Венгриянын курамасын машыктырды. Ал — каны кыргыз, испан жараны Талант Дүйшөбаев. Каарманыбыз жакында 2-даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды.

https://www.youtube.com/watch?v=d1aze0ug0Yg&feature=youtu.be

Булак: Азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here