-Алмаз мырза, Бабановго бут тосулуп жатат деген бир катар дооматтар БШКнын дарегине айтылып жатпадыбы. Бул боюнча эмне айтасыз?

Бул боюнча бир сөз менен кыска айтайын, ал дооматтардын баары суу кечпеген доматтар болду. Анын баарын убакыт өзү да тактап көрсөтүп жатпайбы. Бабанов бул шайлоодо артык кылам деп, баарын тыртык кылып алды. Он-Адырдагы сүйлөгөн чакырык сөзү боюнча кылмыш иши козголду. Эгер ал жерде  баары таза болсо, эмне үчүн бүгүн Кыргызстанда эмес. Парламентте олтуруп, мыйзамды өзү кабыл алгандардын бири болсо да, жыйынтыгын билсе да талапкер болуп туруп Казакстанга барып, Назарбаевге жолукту. Ушул сыяктуу иштери өзүнө чоң тоскоолдукту алып келди. Бирок ойлоп кетесиң, андай кадамдардын кесепетин эң сонун билип турса да, атайы кылганбы деп. Балким ал ошол мыйзамсыз иштерди атайы кылып, БШК талапкерлигимди алып салсын деп ойлодубу? БШК анын талапкерлигин алып салса, 2010-жылдагыдай элди көтөрөм, баарын башкача кылам деген да ойдо болгонбу? Мугалимдерди да шайлоо күнгө чакырып, өзүнчө бир чакырык жасабадыбы. Бул жагы эми акылга сыйбаган көрүнүш да. Айтор, ким билсин…

-Сиздер Бабановдун андай мыйзамсыз кадамдары үчүн бир канча жолу эскертүү бергенден кийин, талапкерликтен четтетип коюга акыңар бар эле да. Бирок андай кадамга барган жоксуңар?

-Ооба, биздин толук укугубуз бар болчу. Бирок анын баары саясый маселеге такалмак. Эң негизги талапкер экөө болсо, бирөөсүн биз четтетип койсок, азыркы шайлоонун лигитимдүүлүгүнө да ар кандай сөздөрдү айтышмак. Ушунун баары эске алынды.

-БШКдагы Бабановдун кишилери шайлоо учурунда мамлекетке иштебей эле, Бабанов үчүн иштешкенин коомчулук көрүп билип турду. Андайлардын ана башына кесиптешиңиз Атыр Абдырахматова турду. Аны жакында сиз демилгелеп, орун басарлык кызматтан алдыңар. Ал болсо муну саясат катары баалап, силерди сындап жатат. Негизги чындыкты коомчулук да билсин, бул жагын ачык айтып берсеңиз?

-Ачык эле айтабыз. Жашыра турган эч нерсе жок.  Шайлоо баштала электе эле  биз төрайымга Абдырахматованы орун басарлыктан алып салуу боюнча  мыйзамсыз иштерин далил кылып сунуш кылганбыз. Бирок төрайым макул болгон жок. Саясатка айлантып жиберишет деген жүйөнү карманды.

Негизи орун басар болгондон кийин көп нерсеге укугу болуп калат да. Аппарат кызматкерлери ага ар кандай документтерди алып киришет. Ал болсо жөнү жок урушат, сөгөт. Документтерин карабай коёт. Көп эле учурларда  документтердин түп нускасын алат да: “мен алган жокмун” – деп кайра бербей коёт. Бул эмне деген өнөр экени түшүнүксүз. “Сени шашпагының, эртең Бабанов бийликке келсе, иштебей каласың” – деген коркутууга чейин барды да. Мыйзам боюнча 8 саат мамлекеттик кызматта олтуруп иштеши керек да. Ал болсо каалаган жерине өзү барат, каалагандай сүйлөйт. Атыр документ чогултканды жакшы көрөт да. Кандай документ болсо да ошонун көчүрмөлөрүн баарын алат. Аны эмне кылат билбейм. Ошол эле документтер  ар бирибиздин электрондук почтабызда салынып турат. Ага карабастан документтин үстүнө документ чогулта берет. Кээ бир  документтерге 100 барак  кетет. Эми ошонун электрондук варианты почтада турса, кагаз түрүндө да чыгартып алат да. Абдырахматовага кошулуп, Назарали Арипов да сурап калат. Анан биз айтабыз: “БШКнын констовары силер үчүн эле кетеби? Кагазга чыгаруунун кандай кажети бар? Баарыбыз эле электрондук түрүн окуп, колдонуп жатабыз” – деп. Ал сөзүбүзгө да кулак салышпайт. Дагы бир маселе. БШКнын 100 отуруму болсо, ар бир отурумда бери болгондо 5тен маселе каралат. Ошондо 500 маселе дейли.  Абдырхматова ошонун 450сүнө каршы добуш берет.  Бул эмне өнөрү экени түшүнүксүз.

Жыйындарда төрайымды “Ишиң эмне” – деп кагып-согуп жатты го…

-Андан да жаман сөздөрү айтып жатты да. “Былжырабачы, оозуңду жап” деген ыплас сөздөрдү айткан учурлары болду. Биз ага канча айттык. Эми ал көчөдө жүргөн аял эмес да, мамлекеттик кызматта иштейт, мамлекеттик кызматтын өзүнүн этикасы бар да. Этика эмес, эл эмне деп да ойлоп койгон жок окшойт. Акыры ушундай нерселердин баары чогулуп келип, аны кызматтан алууга түрткү берди. Бул жерде эч кандай саясат да, куугунтук да жок. Бул өзүнүн гана чектен чыккан өзүм билемдигинин натыйжасы болду деп айтат элем. Бир сөз менен айтканда Адбырахматованын өзүм билемдиги чектен чыгып кеткен…

Булак: Багыт

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here