—Күмөндөр мырза, кыргыз сатирасы тууралуу айтчу сөзүңүз бардыр?..

Учурда кыргыз сатирасы майдаланып баратканы көрүнүп эле турган иш. Азыр компьютердин заманы болгондуктан эл убакытты ушунчалык үнөмдөп, пайдаланган менен убакыт ушундай космостук ылдам менен жүрүп жаткандай сезиле баштады. Ошон үчүн эл китеп окубайт. Эмне маалымат алгысы келсе компьютерди ача калып интернеттен керектүүсүн гана билип алат. Эгер китепти биздей болуп терең ийне-жибине чейин окуганда адамдын башынан ошол өмүр өткөн сыяктуу болуп, ошол өмүрдү жашап өтпөсөң дагы кандайдыр бир деңгээлде жашап өткөндөй болуп тарбияны ошондон алчу экенбиз.  Бир китепти окусаң ошол китептеги тарбия сага ошол окуя башыңдан өткөндөй болуп, даана өзүңдүн башыңдан өтпөсө дагы 40-50 пайызы өткөндөй болуп берилип окугандыктан турмуштук  сабак болчу экен. Азыр болсо андай эмес. Андан да көп маалыматтарды билүүгө болот. Бирок үстүртөдөн билип адам ага терең сүңгүп жан дүйнөсү менен берилип кирбей жатат. Ошон үчүн азыркы жаштардын кабыл алуусу башкача болгону үчүн тарбия улуттук аң-сезим жоголуп бараткандыгы байкалууда. Кыргыз сатирасынын деле аксап жаткандыгы ушул сыяктуу. Эми жанагынча интермедияны аткарып элди күлдүргөндөн көрө азыркы “тамашоу” дегендер чыгат дагы экөө болобу, ону болобу бир чыгып туруп бирөө суроо берсе, экинчиси жооп берсе, бул көрүнүш бир сатира болуп эсептелет.

 Эми муну кыргызча айтканда тарс этме деп койсо болот. А мен кыргыздын сатирасын эсептесем күлкү, күйдүргү, кыйытма, чымчыма, апыртма, жойкума, акыйнек деп отуруп 54 түрү бар экен. Эми буларды өнүктүрсөк аябай сонун болмок. Биз сатирага жакшы көңүл бөлбөгөндүктөн эл да кыска эле күлүп калды. Мурда сатира чагылдырылган окуяны элестетип алып күлгөндөр болгон. Сатираны айтып бүткөндөн кийин үйүнө барып күлгөндөр да кездешчү.  Көчөдө кетип баратып эстеп алып күлгөндөр дагы болчу экен. Азыр болсо андай көрүнүштөр жок болуп жатпайбы. Ал үчүн биз эмне кылышыбыз керек? Бир убакта манасчы жок калды деп айтып жүрчү элек. Төкмө акындан төртөөбүз эле калдык деп бир кезде боздоп калышты эле.

Мисалы,  Садык Шернияз Манас менен айтыш коомун түздү эле, төкмө акындар менен манасчылар көбөйбөдүбү. Дастан Сарыгулов болсо фестиваль уюштуруп, тээ илгерки архивде жаткан кыргыз күүлөрүнүн антологиясын алып чыгып туруп комузчуларга берип, кйинки жылы боло турган фестивалда кандай күүлөр аткарылары тууралуу маалымат бергендиктен бүгүнкү күндө комузчулар да көбөйгөндүгү кубандырат. Менин атам чоң комузчу эле. Атам эң биринчи фестивалда баш байгеге ээ болсо, кийинки жолкусунда калыстар тобунун курамына кирген экен. Ошондо атамдын:  “ Мен 30дай күүнү чертип эле өзүмдү чоң комузчу катары эсептеп жүргөн турбаймынбы. Кыргыздын күүлөрүнүн антологиясында укмуш күүлөр бар турбайбы” деп айтканы эмдигиче эсимде. Дастан Сарыгуловго атам ошол учурда аябай ыраазы болгон эле. Башкасын айрпасам дагы кыргыздын күүлөрүнүн өркүндөшүнө Дастан Сарыгуловдун салымы аябай чоң деп эсептейм. Бул эмгегин кийин тарых баалайт. Ал эми кыргыз сатирасын өнүктүрүш үчүн Садык менен Дастандай мекенчил адамдар куудулдарды сөзсүз колдошу керек!

—Жакында боло турган концертиңиз мурдагы концерттериңизден эмнеси менен айырмаланат?  

—Буга чейин “Күмөндөрдүн күлкүсү”  аттуу концерттеримди элге тартуулачу элем. Бирок  бул жолку концертим “Жаңы жылды күлкү менен баштайлы аттуу Күмөндөрдүн күлкүсү” деп  аталат. Себеби жаңы жылды кандай баштасаң аягына чейин ошондой өтөт” деген бир ырым бар эмеспи. Анын сыңары мен былтыр жаңы жылды күлкү менен баштадым эле, өңгөгө болбосо да мага быйылкыдай жетишкендик келди. Инимдин ийгиликтери тууралуу маалыматтарды угуп жатсаңар керек. Чет өлкөдө өткөн кино фестивалдарда 30га жакын баш байгеге ээ болду. Австралияга барып Азия, Океания региону боюнча кино академиянын академиги деген наамга ээ болгондугун баса белгилеп кетмекчимин. Биздин үй-бүлө үчүн быйылкы жыл өтө жемиштүү жылдардан  болду. Эми ар кимдин тилегени жакшылык эмеспи. Анан элде ынтымак, элдин жүзүндө күлкү болсо экен деген жакшынакай тилек менен борбор калаабыздагы Спорт сарайында  1-2-январда кечки саат 6да өзүмдүн автордук концертимди койгонумду жатам. Бул концертимде жаңы сатираларым менен жаңы обондуу ырларымдын бет ачары болот. Каалаоочулардын баарын чакырып кетет элем. үү

—Жаңы жыл жакындап калбадыбы. Элге кандай каалооңуз бар?

—Элибиздин жүзүнөн күлкү кетпесин…  Элибиздин маанайы эч качан чөкпөсүн!   Кудай бөөдө кырсыктардан сактасын! Кыргыз мамлекети дүйнөдөгү өнүккөн алдыңкы мамлекеттердин катарына кошулсун!  Бар болуңуздар!

Маектешкен: Нурлан  ИСАМАТОВ

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here