—Күмөндөр мырза, менин билишимче сиз Эмгек сиңирген артист наамын 1993-жылы алсаңыз керек. Эми андан бери арадан 24 жыл өткөндөн кийин гана Эл артисти наамын алып жатасыз. Башкаларга окшоп бийликти катуу сындаган деле эмессиз…

—Эми бийликке менин сатираларым аркылуу сын айтылып эле жатты. Бирок сахнанын ченеми, мыйзамы, сатиранын мыйзамы менен түздөн-түз атын атап, кылган ишин айтып, пикетчиктин номуру болгон жок да. Мисалы, “Таракандарымды” айтсам, таракан деген коомго жат нерсе менен күрөшүп, аны жоготуу үчүн туура жол менен күрөшпөсөк азайтмак турсун жат нерсени кайра көбөйтүп алабыз деген саясат бар. Эми ушул сыяктуу эле  1985-жылы Горбачевдин аракты жоёбуз аракетине байланыштуу башыбыздан бул нерсе өтпөдүбү. Ошондо аракты эки эселеп көбөйтүп ичпегендер ичип, самогон ачытып, наша чеккендиктен биз артык кылабыз деп тыртык кылып алганбыз. Ушул саясатты сахнанын тили менен чагылдырган чыгарма деп мактана алам. “Инженерди” издегенимде деле саясат бар. Азыркы чоңдорду  жан-жөкөрлөрү жандап жүрөт. Алар берген тапшырманы аткаргандын ордуна  “Эмне болду аткардыңбы?” десе, “Контор жакка кетти эле. Келген жокпу?” деп баягы  инженердин өзүнөн сурагандай биздин аткаминерлерге байланышкан ушундай окуялар көп эле кездешет. Ар бир сатираны сахнанын маданияты менен жеткирсе бул элге бир чети турмуштагы окуя сыяктуу көрүнгөнү менен анын айтайын деген саясаты башка болуп элдин эсинен кетпейт. Ал эми президенттин аты-жөнүн атап, анын чыгарган указын айтып, ошого жараша аны келекелеп, шылдыңдап фейсбуктарга чыгарып иттин башына калпак кийгизип, жетелегенин Атамбаев, беркисин Жээнбеков кылганы бул профессионалдуу чыгармачылыкка жатпаган нерсе болуп эсептелет. Бийликти шылдыңдаган көрүнүштөрдү мен байыркы Римдеги көчө театрына салыштырат элем.

Анткени Байыркы Римде Цезардын кылган иштерин эртеси  Клеопатра экөөнү кучакташтырган эпизодду көчөдөн чагылдырышчу экен. Анын сыңары бизде да азыркы заманбап театр искусствосуна жатпаган жат көрүнүштөр көп болуп жатат. Эми буларды эмне себептен айтып жатам? Эми сен айткандай бул наамды албай жүргөнүмө 24 жыл болгон экен. Эмгек сиңирген артист наамын алганымда ошондо төрөлгөн балдар азыр менин кошо ушул наамды ала башташты. Мен азыркы алган наамды буга чейин деле алсам болмок.

Мисалы, Бакиевдин учурунда наамдар кадимкидей сатылчу экен “Биз үч миңден деп жатабыз.Сен бизге эки эле миң бер. Наамды алып берели” дегендер болгон. “Эмне үчүн мен кылган эмгегимди кайра сатып алышым  керек?!” деп намыстанып алгандан баш тарткам. А мен Эмгек сиңирген артист наамын алган учурда жаңы эле мектепте окуп жүргөндөр менден мурда Эл артисти наамын алышты. Мен ага арданган деле жокмун. Наамды сатыкка чыгаргандар үчүн мен эмне үчүн арданышым керек?! Мен алардын өз абийирлерине койдум. Алар дагы өздөрүнүн абийирсиз экенине  качандыр бир кезде намысы ойгонсо өздөрү арданышар, ошондой адам болуп калышканына.

—Эл артисти наамын алганда кандай сезимде болдуңуз?

—Эми өтө сүйүнүп кабыл албайт экенсиң. Менин сүйүнгөнүм,  миңдеген күйөрмандарым фейсбуктан куттуктап: “Сиз бул наамды эбак эле алгансыз. Эми араң документтешип жатат” деген сыяктуу пикирлерин билдиришти.

(уландысы бар)

Суроо салган Нурлан Исаматов

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here