Элмиранын дүйнө салганына бүгүн төрт айдын жүзү болду. Аттиң… аттиң…  деген өкүнүч сезими жан дүйнөмдү эзип, жаркыраган элеси көз алдыма кайра-кайра тартылып келет. Элмиранын кыска жашоо дайрасы мен үчүн океандай мейкиндикке айланып, музыка сүйүүчүлөргө кайрадан булбул болуп келүүчүдөй үмүт жылдызы жашоомо дем бергенсийт. Элмиранын талантын ардактаган күйөрмандар анын кыргыз элинин музыка дүйнөсүнө кошкон салымына баа берээрине шек жок. Элмиранын көп кырдуу таланты бар экенин көпчүлүк билбесе керек.

Замандаш дос-курбулары, мектепте чогуу окуган классташтары, окуткан мугалимдери, туугандары Элмиранын кылык-жоруктарын, музыка жана театр дүйнөсүндөгү чеберчилигин айтып бергенин уккан, көргөн адам аргасыздан ички дүйнөсү сыздап, көз жашын агызаары шексиз.

Элмира 31-августта өзү жашоого, элибиз булбулдай үнүнө тойбой турган кезинде жаркылдаган мүнөзүн, сулуулугун даңазалап бул дүйнө менен коштошуп кете берди.

Аргасыздан элибиздин жаш акыны, Элмиранын айылдаш иниси Бердибек Жамгырчиевдин төрт сап ыры эске түшөт:

Кайгы болдуң өмүрдүн күзүндөгү,

Татаал экен үмүттүн үзүлмөгү.

Сулуулуктар, кооздуктар өчпөйт бирок,

Үнүң менен жайдары жүзүңдөгү.

Жөнөкөйлүк, боорукерлик, токтоолук… Мына ушулар Элмиранын жашоосундагы негизги касиеттери эле. Эч качан бирөөгө тыңсынып, аны жамандап же көрө албастык кылганын эч ким сезген да, байкаган да жок. Түркияда, Кытайда, Өзбекстанда, Европа жана Азиянын айрым өлкөлөрүндө болуп музыка-фольклор фестивалдарына катышып, байгелүү орундарга ээ болуп лауреат, жеңүүчү болуп келгенине өзү абдан кубанып, бул кыргыз элине менин белегим деп баа бергени-түшүнгөн адамдын жан дүйнөсүнө таланттуу адамдар гана ушинтет тура деген ойду жаратары шексиз! Элмиранын колундагы, жүрөгүндөгү байлыгын адам баласынан эч аябай бергенге жаралгандай касиети бар эле. Өзү эч качан мага керек, мен алам деп жулунганын байкабадым.

Элмира жаркылдаган мүнөзүн даңазалап кете берди

Кудайдын буюрганы мага жетиштүү деген терең жан болгондуктан жөнөкөй мүнөзү Элмиранын адамкерчилигинин бийиктигин даңазалап келди. Сыйлык деп чуркаган да, суранган да жок. Элмира үчүн эл аны менен сыймыктанганы, үнүнө суктанганы баарынан кымбат эле. Аттиң… Элмира ырдабай  дагы канча ырды укпай калдык, дагы канча акын, обончунун ырлары булбулдай сайрабай калды…

 

Ырга бай Ысык-Көл калды,

Ыйманың сыйлап эл калды.

Булбулун жоктоп буулугуп,

Булактуу асыл жер калды,

Сыйпалап толгон эл калды,

Жан дүйнөм, кантем кейиттиң,

Жаздыгын берсин бейиштин!

Оо арман, бу жарыкчылыкка бир жаралчу периште кетип тынды, артында калган мени боздотуп кетти, не айла?! Эми менин өмүрүмдү бир арман, сени жоктоо арманы коштоп жүрүп өтөт эмеспи. Ошол арман сен болуп сезилип, сен болуп көрүнүп, менин жан-дүйнөмүн тең жарымы болуп жашоосун улайт, Элмирам менин. Сен өлгөн жоксуң…

 

Бейшенбек Ишенов

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here