-Алмаз мырза, президенттик шайлоо тынч жана таза өткөнүн жалпы коомчулуктан тартып, Эл аралык байкоочулар да айтып, өз бааларын беришти. Сиз эми бул шайлоону ушундай деңгээлде өткөрүүгө чоң салым коштуңуз. Жалпысынан шайлоо маселеси боюнча эмне айтасыз?

-Кудай буйруса, президенттик шайлообуз жакшы өттү деп  турабыз. Эң башкысы тынч болду. Биздин БШК жүктөлгөн милдетти так аткарды. Илгерки ыплас шайлоодон ат чабым алыс кеткенибизди иш жүзүндө көрсөтө алдык. Азыр шайлоо системасы талапка ылайык болуп жакшырбадыбы. Жаңы система, электрондук автоматташтырылган жабдыктарыбыз мурунку шайлоолорго салыштырмалуу 100 пайыз толугу менен талапка ылайык иштеп берди. Болгону кээ бир жерледен адамдык факторлор болуп калып жатты. Болгону биз 2357 участканын ичинен 7-8 гана участканын шайлоо жыйынтыгын жокко чыгардык. Бул эми болоор болбос эле көрсөткүч да. Ал участкаларда кошумча бюллетень салып койгон, кыязы алар атайы ошентишти окшойт, жыйынтык бузулсун дешкенби, айтор бул жагы түшүнүксүз. Кандай болгон күндө ал мыйзамсыз иш жалпы шайлоого эч кандай таасир берген жок. Бере да албайт эле.

Азыр эми БШКнын күчүн арттыруу боюнча талапка ылайык бир катар иштер жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле президенттик шайлоо боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча жаңы мыйзамдар иштелип, жазылып жатат. Буйруса, кийинки жылы парламентке сунушталат.

-Ал мыйзамдарга кандай маселелер камтылган?

-Мисалы, күрөө маселесин алалы. Ал мыйзамда катталгандан кийин, же аяк жагында алып келип берет деп жазылып калган. Мындай эреже акчасы, эл ичинде кадыры жок, эптеп эле талапкер болуп, атымды чыгарайын деген кадыр-барксыз адамдардын баарына жол ачып жатат. Бул шайлоодо көрдүк го, ондон ашык түрмөдө олтургандар талапкер болуп талпынып чыгууга аракет кылышпадыбы. Ошон үчүн күрөө маселесин БШКга талапкер катары катталган күнү эле кошо берсин деген эреже киргизилсе жакшы болот эле. Аны менен кошо күрөөнүн көлөмү да көбөйтүлсө дейм. Президенттик кызмат жөнөкөй кызмат эмес да. Андыктан мыйзамда каралган эрежелер эң жогорку деңгээлде болушу керек деп эсептейм. Үгүт иштерине дагы БШКнын талаптарын аткарып талапкер болуп катталган күндүн эртеси эле уруксат берилсе деп жатабыз, анткени ансыз деле көрүнө да, көмүскө да үгүт кылып жатышпайбы. Талапкердин фондун да азайтуу керек. Бул шайлоодо бир талапкердин фонду 200 млн. сомдон ашып кетти. Эң азыныкы 2-3 млн. сомго жетти. 200 миллиондон ашык каражатты сарптаган талапкер агитаторлорду ушунчалык көп жалдабадыбы. Ар бир айылдан бери болгондо 10-15ти дегендей. Бул жагы мыйзамга ылайык эле болуп турат, бирок ошол акчанын күчү менен таасирин көбөйтүп, көп адамдарга акча төлөп берип, аларды өзүнө көз каранды кылып жатпайбы. Акча тапкысы келген адамдар ал талапкерди жактырбаса да, иштеп беришет экен. Кыскасы, бул жагы сатып алуунун бир түрү сындуу эле болуп калып жатпайбы.

-Экс-президент Алмазбек Атамбаев сизге  Даңк орденин ыйгарбадыбы. Ушундай жогорку сыйлыкты алам деп күтүңүз беле?

-Чынын айтканда мен мындай сыйлыкты күткөн эмесмин. Мен жалпысынан алганда мен ар кандай иштерде 35 жыл иштедим. Анын 25 жылдан көбүн мамлекеттик кызматтарда иштедим. Акыркы 6 жылын БШКда иштеп жатам.

Мен ар кандай жоопту кызматтарда иштеп турганымда 100 деген адамдарга сыйлыктарды ыйгаруу боюнча сунуштарды, документтердин баарын мен даярдап берип жүрдүм. Өзүм үчүн аракет кылып, жанталашсам, сыйлыкка жетишмекмин да. Мен анткен жокмун. Антүүгө абийирим да жол бербейт эле. Себеби, мен мамлекеттик кызматта бекер иштеп жаттым беле, мамлекеттен  айлык алып, мамлекет берген кызматтык машине минип, ар кандай жеңилдик шарттарын колдонуп жүрдүм да.

Колдон келишинче таза, так иштеп, калк ичинде кадыр күттүм дегендей. Мына ушунун баары эле сыйлык эмей эмне. Бул жагын да айта жүрүү керек деп эсептейм. Бул жолу сыйлыкка татыктуу  деп табышыптыр. Алмаз Шаршеновичке чоң рахмат.

Ал киши сыйлык тапшырып жатканда менин колумдан кысып: “Азаматсың, темирдей бекем туруп бердиң, төшүң тосуп” деп айтты. Бул сөздүн баасы чоң да. Аны укканда өзүм да толкунданбай койгон жокмун.

Жалпы туугандар, дос-тамырларым сыйлык алганымда өздөрү алгандай сүйүнүп жатышат. Ушул күнгө чейин куттуктоолордун аягы тыйыла элек. Акыры эмгек бааланып жатканынан мен баарына ыраазы болдум. Таза иштеп жүрсөң эле баарына татыктуу болот экенсиң.

Алмаз байке, мына жаңы-жылдын босогосунда турабыз. Бул жыл сиз үчүн кандай жылдардан болду?

-Абдан жакшы, абдан жемиштүү жылдардын бири болду. Негизи баарыбыз эле мамлекет, мекен дейбиз да.

Мекенибиз ар бирибиздин үй-бүлөбүздөн башталат да. Үй-бүлөнү, тууган-урукту болбой эле көп ойлойбуз дегендей. Ансыңарындай быйылкы жылы биздин үй-бүлө үчүн жакшы жыл болду. Баарыбыз аманчылыкта, ден-соолуктабыз. Кудайдын мунусна шүгүр деп жатабыз. 9 неберем бар. Баары мектепте “отличник” болуп, бизди кубантып жатышат. Экинчи жагы мамлекетибиз тынч, элибиз тынч. Акырындык менен жылдан-жылга жакшы болуп келатат. Азыр Кыргызстанда жанынды багам, ишкерлик кылам десем, шарт Кудайга шүгүр эле болуп калбадыбы. Келаткан жылыбыз да ак жолтой, ийгиликтүү жылдардан болуп, элибизде тынччылык, токчулук, өлкөбүздө өнүгүү болсун!

(уландысы бар)

Маектешкен Эраалы Эсенбаев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here