Адамзат жаралгандан таш доор, коло доор болду, матриархат деген балакетин да басып өтүптүр, кул ээлөөчүлүк болгон экен. Мына ошол алгачкы доорлордо адам аң-сезимдүү жаныбар болгондон кийин бирдиктүү, уюшкан жашоого өтөт, чогулуп алып килейген мамонтторго аңчылыкка чыгат, башка айбардарды кармап жейт, кээсин багып алат…  Эми бул миңдеген жылдарды камтыган процесстин аки-чүкүсүн айтып отуруштун өзү аябагандай узак болор… Анан адамдан биригип жашап, адегенде күчтүүсү күчсүзүн башкарып дегендей жашап турушту. Дагы мезгил өтүп анан мамлекет дегени келди, ошол мамлекетте ар кандай кызматтар пайда болду, аларда ар кандай адамдар иштей баштады…

Мамлекет дегендин өзү ар кандай формада жана мазмунда жашап турду: кул ээлөөчүлүк болду, монархия болду, диктатура болду, элдик бийлик дегендер Париж Коммунасындай кыска өмүр жашап турду… Кийин капитализмди жоготобуз деп социализми келди… Ар бир мамлекеттин башкаруу рычагын кыймылдатып туруучу ар кандай чоң-кичине кызматтар жаралды. Туура, жөн эле адам чоң болуп иштей албайт. Жөндөмүбү же башкасыбы айтор, кызматка турууга жарап берчү жакшы, жаман сапаттары болуш керек. Мына ошондой сапаттардын баарына эгедер адам кийинки жылдары кыргыздан чыгып, анын аты-жөнү Кулматов Кубанычбек Кеңешович экенине «сыймыктанып» турабыз. Мамлекетибиздин экономикасы коркунучта турганда кудай ушундай «ашкере профессионал» жигитти берип койгонуна кандай «кубанардын» да эбин таппайбыз…

Ооба, бу Кулматов дегенди Алмазбек Атамбаев алты жыл бою эмчектеги баладай эркелетип келди. Бирок, анын жаңы бийликтеги кызмат боюнча «көпкөн» жолуна Роза Отунбаева «старт» берген, Кулматов 2010-жылы июль айында Бажы кызматынын төрагасы болуп шайланган. Ага чейин деле Кулматов Акаев менен Бакиевдин тушунда да ушул тармактын жетекчи кызматтарында жүргөн. Баса, Бажы кызматында 9 жыл иштептир. Демек, чириген бай болду да…

Азыр эч кимге жашырыны жок, бажы деген акчанын кени. Ал жерде иштегендер тегиз байлар, килейген үйлөрдүн, сонун машиналардын ээлери, дагынкысы дагы бар. Анан да бажы кызматы бийлик тарапты багып турган, алар акча жеп турган акыр. Муну иттин уулу Байкара да билет, бирок, аны токтотууну эч ким билбейт, билсе да билмексен дейличи… Эгерде алар жалаң гана мыйзамга таянып ушул бажы кызматын текшерсе, ошол жерде иштегендердин дээрдик баары чоң-кичине коррупциялык кылмыштары үчүн жоопко тартылмак. Бирок, андай болбой жатпайбы. Ал жерге мыйзам орнотсо, биринчи иретте, жетекчилер куржалак калган атпайбы?! Кулматов ал жерде «жакшы» иштеди. Анан бир күнү эле тойгончо жеген кызматын өткөзүп берип, президентке кеңешчи болуп алды. Ал жерде бир ай чамасында иштеп тургандан кийин Өмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укутуу өкүлү болуп дайындалды. Бул орунда эмне кылып жүргөнүн эл түшүнбөдү, билбеди,  ал жерде аты болгону менен заты болбоду, «ичип-чычып» жүрдү да…

Анан бир күнү эле укмуштун укмуш окуясы болду: ошол Кулматов, эч иш жасабаган Кулматов, ишти жасай албаган Кулматов Бишкек шаарына мэр болуп шайланды, шайланганда да эч кандай алтернативасыз шайланды!  Ошондо баарыбыз катуу таң калдык: нечен бир мыкты азаматтар жүрөт, ошолордун бири да Кулматовго жетпей турганына… Бул жигиттин кандайдыр бир касиети бар болуш керек, сыртынан билинбейт, бир калыпта жылмайганы гана көзгө урунат, көчүк жагын чукуп атсаң да жылмая берет экен! А балким ошонусу кандайдыр бир касиеттир… жолун шыдыр кылып турган. Кулматов мэрдин ишинде көңүлгө толордук, көңүлдө калардык эч кандай иш жасаган жок, жылмайган боюнча башка ишке өтүп кетти. Ал мэр болуп турганда, иш жасаганды кой, шаарды акыр-чикирге толтуруп салбадыбы. Ага караганда Албек Ибраимов жакшы ишеп жатат, сын уккан сайын курчуп жатат. Ал эми Кулматовду сындаса, мылжыйып гана коет, сыныңды урганы да жок…

Ана эмесе, ал бат эле Россиялык-Кыргызстандык өнүктүрүү фондуна жетекчи болуп калды. Бул иште коммерциялык банктарга эле жардам бербесе, башка алгылыктуу иш кылган жок. Бул жигитте абийир деген такыр жок экен, ошол иште иштеп жүргөндө айлыгын 10 миң (!)доллар кылып алыптыр. Абышкаларча айтайынчы, ошол акчасы аш болой калсын!  Азапты көрүп иштеген мугалимдер, медиктердин алганы 7-8миң сом, а бу желмогуздун алганы 750 миң  сом болуп жатпайбы. «Буюрбай калсын» деп ошондон айтып жатпайбызбы!

 

Анан бул бала бир күнгү эле Улуттук банкка төрага болуп, банкир деген атка эгедер болуп калды. Ошол кызматка барардын алдында депутаттар билими тарыхчы Кулматовдон сурабайбы: «Алты жылдын ичинде алты кызматка бардыңыз, мунун сыры эмнеде?» деп, ошондо кайран эргул: «Бир эле сыр бар-иштей билиш керек» деп жооп берип жатпайбы?! Эмнени иштеп кыйратканына баштары жетпеген депутаттар айласыз добуш беришти да… Депутаттар деле кыйын дейсиңби, «кийиз казык…» болушту да.

Дагы бир аз убакыт өттү Кулматовдун кызматтык жогорулатуу бүтпөптүр, кайрадан Бажы кызматынын жетекчиси болуп шайланып жатпайбы… Эми кайда барып куурадык?!

Адам тирдигинде кийим-кечеги, айталы, турсий-майкеси кайра-кайра жуулуп турат. Кирдеген, сасыган турсий-майке жуулгандан кийин, кытырап, жыты аңкып, өңү жаңысындай жаркырап калат, кайра жуусаң кайра ошентет, жыртылганча ошенте берет… Ал эми адам баласы бир булганып алса, анын «кири» эч качан кетпейт! Кандай аракет кылса да кетпейт. Анкени, адам баласы майке менен турсий эмес! Ооба, Кубанычбек Кулматов да майке менен турсий эмес! Бир ишти жөндөй албай койдубу, экинчисин да жөндөй албайт!

Баса Кулматов мурунку ирет Бажыга төрага болуп турганда «Раим-миллион» Матрубаимовдун Ош бажысындагы «кыйшык иштерин» түздөп коюп турган.

Нечен бир азамат жигиттердин колдоосу жок, ортозар кызматтарда иштеген болот. Ал эми Кулматовдой жөнсалды кызматкерлер кызмат дүйнөсүндө ойкуп-кайкып кутурат. Мындай итчилик абалды токтотууга жол барбы?!

Азыр Кулматовдун жолу менен кетчүдөй болгон Зилалиев, Абдыгулов, Шадиев, Абылгазиев  сыяктуулар бар. Булардын ар кимиси бир-экиен кызматтын «башын жеген» немелер, бирок, мыкты сапаттары менен көзгө көрүнө алышкан эмес. Күйүп кетесиң да, «Кыргызнефтегазды» жетектеп турганда Искак Пирматов деген неме 258 миллион сомдун дайынын таптырбай салган экен. Кийин, Аида Салянова Генпрокурор болкуп турган убакта ага кылмыш ишин козгогон. Ошондо кайран депутаттар Пирматовду жанындай сактап, жоопко тарттырбай койгон. Ошол Пирматовуң жеп алган акчаларын кусмак турсун, жакында  кайра комитет төрагасы болуп шайланып жатпайбы! Накта наадандык деп ушул окуяны айтыш керек!

Биздин өлкөдө бир ишти иштей албаган немеге экинчи… үчүнчү ишти берүү жөн эле күнүмдүк окуя болуп калды. Дагы кайталайбыз, ал ортодо мыкта азаматтар оңгулуктуу ишти иштей алай алардын билими, профессионалдуулугу, майтарылбачу энергиясы  талаага кетип жатат…

Автор:   Баратбай Аракеев

Булак: Багыт

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here