Кыргызстандын тарыхында 22-декбарда  «gasauktion.srs.kg» сайтында биринчи жолу радио толкунду сатуу боюнча онлайн-аукцион өттү. Бул тууралуу Мааалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы  билдирди. Сатыкка он жылдык мөөнөт менен колдонуу үчүн эки радио  жыштык  коюлган. Аукциондун баштапкы баасы 205,3 миллион сомдон башталган.  Катышуу үчүн беш компания ниетин билдирип, бирок, «Альфа Телеком»(MegaCom), «Скай Мобайл» (Билайн) гана компаниялары кепилдик төлөмдөрдү төлөп, онлайн-каттодон маалында өткөн. Жеңүүчү деп «Альфа Телеком» компаниясы табылган.  Ал 431миллион 29миң 200 сом сунуштаган. Кызык, «MegaCom» өзү сатыкка коюлуп жатып, анан оңбогондой каражатка радио жыштык сатып алып жатканы кандай? Логика жок. Андай болсо  «Мегакомду» эмнеге сатып жатабыз? Же эптеп эле акча кымырамайдын айласыбы?

Булак:Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here