Крим дүйнө деген эч качан тынч болбойт. Тынч болсо да андай “мемиреген” мезгил өтө аз болот. Көп учурда таасир талашып аткылашып, сайгылашып турбаса, кайдан кримдүйнө болсун! Биздин криминалдык чөйрөбүз жана аны башкарган “банданын” башчылары же элге жеткиликтүү айтканда “мыйзамдагы уруулар” мурунку СССР курамына кирген 15 мамлекетти, айрым учурларда андан көп өлөкөлөрдүн “кара дүйнөсүн” кармаган, ааламга атактуу “мыйзамдагы урууларга” көз караанды экени маалым.  Өткөн кылымдын 1970-жылдарынан тарта 2013-жылдарга чейин  КМШ өлөкөлөрүн  “Япончик” деген каймана ат менен даңаза болгон Вячеслав Иванков менен “Дед Хасан” деген каймана аты менен дүйнөгө дүң салган  Усоян Аслан былкылдатпай кармап келди. Кыргызстанда “мен кыйын” деп чыккан кримавторитеттердин баары ошолордун көзөмөлүндө болуп келген.

Япончик (2009-жылы атылган) менен Дед Хасандын (2013-жылы) доору бүтүп, о дүйнөгө аттанышканы маалым. 1990-жылдардан кийин бул экөөнүн жолун жолдоп Заха́рий Кня́зевич Калашо́в (каймана аты Шакро Молодой) деген чыкты. Ал эми учурда КМШны Шакро Молодой “мыйзамдагы ууру”  бүт дүйнө жүзүнө кеңири таанымал болуп, барган сайын таасири артып баратат. Төмөндө ал тууралуу кыскача:

Ал  1953-жылы 20-мартта Грузиянын борбор шаары Тбилисиде жарык дүйнөгө келген. Улуту курд. Ал жаш кезинен эле кавказдык Уюшкан кылмыштуу топко аралашып, Россияда жасаган ар кандай кылмыштары үчүн үч ирет соттолгон. Орусия коомчулугуна ири ишкер катары да таанылган. Бирок анын бизнестери таза эместиги көпчүлүккө белгилүү болчу. Калашовго атагы алыска кеткен Авдо Мирзоев  аттуу криматалык 1971-жылы Тбилисиде “Мыйзамдагы ууру” таажысын кийгизгендиги айтылса, дагы бир маалыматта ал 1980-жылы “мыйзамдагы уруу” болгондугу айтылат. Шакро ошол жылдан тартып кылган кылмыштары үчүн 1985-жылга чейин түрмөдө жатып, ал жерде да атагы чыгып, экинин бири болуп турат.  Союз мезгилинде атагы алыска кеткен, кылмыш дүйнөсүн титиреткен Лакро Какачия деген криматалык болгон. Анын басып өткөн кара дүйнөдөгү өмүр жолу өзүнчө эле уламышка айланып калган.

Анын каймана аты “Шакро Старший” болгон. Калошовдун жаш кезинде ишке ашырган ийгиликтүү кылмыштарын “Старший Шакронун” эрдиктери менен салыштырышып, ага “Шакро молодой” деген ат коюлган.  Шакро түрмөдөн чыккандан кийин, Грузиядан кетип, 1989-жылдан тартып Москвада туруктуу жашап баштайт. 1990-жылдардын башында Аслано Усоян (каймана аты Дед Хасан)  жана Вячеслав Иваньков (каймана аты Япончик) менен жакындан таанышып, алардын колдоосу менен крим дүйнөдө чоң авторитет күтөт. Ошол жылдары Шакронун байлыгы 200 млн. доллар экендигин эсептеп чыгышкан.  Шакро “Дед Хасандын” (Аслан Усоян) эң таасирдүү, ишенимдүү жана эң кыйын адамы катары саналып келет.  Өзүнө бир топ душман күтүп, алардын бир эмес, бир нече ирет кол салуудан жарадар болуп, аман калган. Ага кол салуунун саны ондон кемибеси жана уюштуруучу катары Измайловдун крим тобу уюштургандыгы айтылып келет. 1999-жылдагы кезектеги  кол салуудан   жарадар болуп, өмүрүнөн кооптонуп Испанияга жер оодарып кеткен. Кийин Испаниядан келип, дагы кылмыштары үчүн темир тор артына түшкөн. Шакро Молодой менен криминал чөйрөсүнүн дагы бир “лөгү” Тариэл Онианинин (каймана аты Таро) ортосунда көптөн бери  чоң “согуш” жүрүп келет. Россиянын атайын күч кызматы “Япончик” менен “Дед Хасандын” көзүн тазалаган дал ушул Таро экенин айткан. Анткени, булар крим чөйрө узак жылдардан бери таасир талашып, тирешип келген.

Таасир талаш күчөп барат…

 Эми Таро менен Шакронун  “согушунун”  аз күн мурун болгон соңку серияларынын бири менен окурмандарды кабар кыла кетели.

Ушул жылдын 22-декбарь күнү Түркияда Грузиядан чыккан атактуу кримавторитеттердин бири 36 жаштагы Давид Алханишвилини ( каймана аты Дато Панкисский) Станбулдагы ресторандардын биринде олтурганда, бейтааныш адам  эшикке чакырып чыгып, тапанча менен бир нече ирет атып кеткен.  Ал ооруканага жетпей, алган жаратынан улам көз жумду. Анын өлтүрүүгө буйрук берген деп биз сөз кылып жаткан Шакро Молодой айтылып жатат. Себеби, окко учкан кримавторитет Шакронун кан душманы Тариел Онианинин оң колу болгон.

Эки крим лөктүн тирешин жакшы билгендер Шакро Молдодой Тародон өч алып жатат дешет. Анткени, Таронун жигиттери  2011-жылы Белгиядан Шакронун жээни Дато Озмановго (каймана аты Дато Краснодарский) кол салышып, аны көп жолу бычакташкан, ал тургай башына, бетине да сайгылашкан. Бирок ал оор жаракат алганы менен көпкө дарыланып, айыгып кеткен.  Мына ушундай кийин экөөнүн ортосундагы тирешүү мурункудан да күчөп кеткен.  Датого кол салуу ишин  Давид Алханишвили көзөмөлдөгөн деп айтылып  келген. Баса, Таронун дагы бир ишенимдүү жигиттеринин бири Гочу Алпаидзе дагы бир нече ай мурун Түркиядан атылганын айта кетели. Ал дагы  Шакронун жээнине кол салгандардын бири катары эсептелген эле.   Мына крим дүйнөдө өч алмайлары  ушинтип улана берет… Шакро Молодой менен Датонун тиреши эмне менен бүтөөр экен, аны убакыт көрсөтөт. Албетте, экөө тең бирин –бири жок кылуудан кайра тартпагандар…

Айбек Шамшыкеев

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here