Москва мэри Сергей Собянин 21-декбарда Москва шаарына кыргыз элинин улуу жазуучусу, айтылуу Чыңгыз Айтматовдун айкелин тургузуу боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди.  Бул маселе менен Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилиги Москва шаардык Думасына кайрылган болчу. Аталган Дума кайрылууну колдоого алган.  Эми Айтматовдун айкелин РФнын Маданият министрлиги тургузумакчы. Маалыматта Айтматовдун айкели жазуучунун 90 жылдыгына карата келерки жылдын соңуна чейин тургузулар турганы айтылат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here