Кыргыз эстрдасынын белгилүү ырчысы, актриса Ширин Сарыгулова аз күн мурун турмуш жолуна аттанып, Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылына келин болду. Ал жолдошу Максат менен 12 жыл мурун таанышкан экен. Максат да чыгармачылыктан анча алыс эмес адамдардан. Жолдошу да театр тармагында билим алып, учурда чыгармачылык менен алектенет.
Бирок башка тармак боюнча да адис болуп, эмгектенип келет.

Табышкан эки жаштын үйлөнүү үлпөт тою кечээ күнү Бишкектеги «Сый  — Ордо» ресторанында 300 чамасында кишинин катышуусунда болуп өттү. Тойго баргандар аш казандарын гана тойгузуп кетпестеп, баш казанын да тойгузуп кетишти. Себеби, ырчылар, талантуу адамдар көп болуп, тойго тойлойбуз деп барган элдин өз өнөрлөрү менен черин жазышты. Эки жашка аруу каалоо-тилектер абдан көп айтылды.  Биз да ошол тилектердин каблы болушун тилеп, Ширин менен Максаттын бактылуу болушун каалайбыз.

https://www.youtube.com/watch?time_continue=2&v=l_O0KXPUC8o

https://www.youtube.com/watch?v=GYsMVAvP6zw&feature=youtu.be

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here