Кечээ күнү Токтоболот Абдымомунов атындагы улуттук кыргыз драм театрында маркум Марат Козукеев режиссёрлук кылган «Керээз» (дагы бир аталышы «Боромбай бий») аттуу спектаклдин бет ачары болуп өттү.

Каалоочуларга эшик ачык болду. Эл залга жыкжыйма жыйылды. Эске сала кетсек, аз убакыт мурун арабыздан кетип, акка моюн сунган КРнын Эмгек сиңирген артисти, театрдын Көркөм жетекчиси, белгилүү актёр жана режиссёр Марат Козукеев ушул спектаклди даярдап жаткан. Ал бет ачарына 10 күн жетпей каза таап, өзү бул чыгармасын көрбөй кетти. Аталган чыгарманы Кайрат Иманалиев жазган. Чынында Иманалиев бугуларга же сарбагыштарга тартпай, тарыхты болгонун болгондой чагылдырууга аракет кылыптыр. Бир гана жери Ормонду хан көтөрүү окуясына саяктан чыккан айтылуу Медет дактаны катыштырып коюптур. Бул туура эмес. Медет датка Ормон хан көтөрүлгөнгө чейин, тагырагы 1839-жылы каза тапкан. Ал эми Ормон 1842-жылдары хан көтөрүлгөн. Мына ушуну билбеген жазмакерлерди кой, тарыхчылар да бар. Алар кезегинде Ормондун хан көтөрлгөн окуясына  айтылуу Качыке баатыр менен Медет датканы катыштырып жазып салышкан. Бул такыр туура эмес…Экөө тең Ормон хан болугчакта эле бул дүйнө менен кош айтышкан. Чынында Качыке баатыр Ормондон мурун Ормондун чоң атасы Эсенгул баатыр, анын баласы Ниязбек менен үзөнгү тебишкен инсан болгон.

Негизи бул чыгарма «Боромбай бий» деп аталганы менен анда Ормон ханга да орчунду орун берилген. Эки уурунун бирин-бирин кырганын азыркы муунга сабак катары көрсөтүүгө аракет кылганы байкалат.

Боронбай бийди,  актёр Эржан Осмонов,  Ормон ханды — Жеңишбек Сманов менен Атай Өмүрбековдо мыкты аткара алышты десек болот. Эл бул чыгарманы жактырып, Марат мырзанын талантына абдан ыраазы болуп, көпкө чейин кол чаап тикесинен тик туруп турду. Чыгармачыл адамдарга мындан өткөн баа, мындан өткөн бакыт жок болсо керек…

Өз эилне, кыргыз маданиятына ушундай мыкты эмгектерди калтырып кеткен Марат Козукеев эч качан унутулбайт!

 

https://www.youtube.com/watch?v=7Fvi6EoQF0A

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here