Мындан 29 күн мурун Мамлекеттик мүлк кызматынын төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев өз каалоосу менен кызматтан кете турганы боюнча  арыз жазганы маалым болду.

Ал төмөндөгүдөй мазмунда жазган:

“Мен кайсыл жерде иштебейин ачык жана толук берилүү менен иштөөгө аракет кылып келем. Бирок жакында эч түшүнүксүз бомба тууралуу маалымат боюнча козголгон кылмыш иште менин атым аталууда. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынып, мага карата массалык жек көрүүчүлүк жана жаманатты кылуу болууда. Бул кырдаал албетте менин арнамысым менен абийириме зыянын тийгизүүдө. Бул иш менин кадыр-баркыма шек келтирди, өкмөттүн ишине да көлөкөсүн түшүрөт. Мындан улам эң туура кадам бардык иштер териштилип бүткөнчө кызматтан кетүү деп эсептейм”.

Атагынан чатагы арбын Зилалиев арызды да жөн жазбай ЖМКларга асыла кеткени кызык. ЖМК – деген күзгү да! Эмнени көрсө ошону чагылдырып турат. Кылган кылыктарын башкадан көрбөй тынч иштеп, тынч жүрбөйбү.

Бирок анын кызматтан кетишиш убактылуу эле болуп калышы толук ыктымал. Тергөө иштери аяктаганча дегендей…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here