Эскилиги жетип, сапаты кетип калган Бишкек жылуулук борборун капиталдык оңдоодон өткөрүп, кыйла жаңыртуу үчүн бийлик Кытай мамелекетинен 20 жылдык насыя менен 386 млн. доллар насыя алганы маалым. Ал акчага БЖБ талапка ылайык оңдолуп, бир топ жаңырган. Ишке кирип иштеп жатканына бир топ болуп  калды. Бирок бул БЖБ укмуш оңдолду дегенден кийин деле жакшы натыйжа бербей жатканын ЖКнын депутаттары, болгондо да бийликчил КСДПнын  Айнура Алтыбаева сыяктуулары айтып чыгышты. БЖБ оңолгондон кийин казак көмүрүнө болгон көз карандылык жоюлат дешкени менен, ал маселе дале курч абалда турат. Депутат айым: “Биз салган акча кумга сиңип кеткендей болду. Чоң акча кетти. Эми аны эл төлөп жатат. Бирок биз күткөн натыйжаны алган жокпуз”- деп чындыкты айтты. Чынында БЖБга кеткен мынча олчойгон акча менен жаңы БЖБ салып деле койсо жарашмак. Кыскасы, бул жерде сол чөнтөккө солонуп кеткен миллиондор көп болсо керек. Иликтеп чыгып, уурдагандарды жазалоо керек. Ошондой эле буга жол берген эрендердин эсебин таап эселеп жоопко тартуу зарыл.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here