Октябрь райондук соту кечээ түнү экс-депутат Карганбек Самаковду, анын баласы Кубанычбек Самаковду 8 жылга эркинен ажыраткан чечим чыгарганы катуу талкууга алынууда. Кубанычбек Самаков менен бирге Карганбек мырзанын жардамчылары  Абай Таштанбеков, Аликбай Сариев, Эрнис Койчуманов жана Урмат Нурдиновдун үй-мүлкү конфискацияланып, катаал тартипте 8 жылга абакка кесилди. Бирок  эки мунапыс менен абак мөөнөтү, үчтөн бирге кыскара турганы маалым болду. Аликбай Сариев «Ата Мекен» партиясынан мурунку чакырылышта Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон.

Ошол эле учурда мамлекеттин жерин менчиктеп сатууга өкмөт башчы катары токтом чыгарган Игорь Чудинов менен ошол кездеги вице-премьер министр Искендербек Айдаралиевге 5 млн. сомдон айып салып койгону көпчүлүктүн нааразычылыгын туудуруп жатат. Чын эле, Чудинов ал токтомду чыгарбаса, Самаков жерди кайдан алат эле? Кылмыштын ана башы дал ошол Чудиновго барып такалып жатпайбы. Анан кандайча, ал бул оор кылмыштан жеңил жаза менен кутулуп кеткени турат. Бул жагы коомчулуктун логикасына сыйбай турат. Же Чудинов сот акелерди, жогорку жакта сотторду ары-бери калчап жаткан таасирлүү чиновниктерди «чудо миллиондор» менен тойгузуп койду беле?

Бул жагын билген «жер тыңшаар Мамыттар» бар бекен? Бар болсо, үн каткылачы…

Баса, Чудинов үчүн 5млн. сом 5 миң сомдо эле эмеспи. Мынча жеңил жаза алганына укмуш жыргап жатканы туурулу иш…

Бул ылмыш боюча качкындагы ага-ини Курманбек менен Жаныш дагы араң эле он жылга эркинен ажыратылды.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here