—Нургазы мырза, алгач окурмандарга сиз жетектеп жаткан ишкана тууралуу маалымат берсеңиз. Жакында эле  бул мекеменин аты өзгөрүлүп, кыйла кыскартуу, бириктирүүлөр болду окшойт…

 Туура айтасыз. Буга чейин биздин мекеме “Кыргызжилкомсоюз” деп аталып  келген. Ишканабыздын аты өзгөргөнүнө бир айдан ашты. Бир топ кыскартуу, бириктирүүлөр жүрдү. Маселен, Кант, Токмок, Жалал-Абад сыяктуу айрым шаарларда жылуулук берүү ишканалары  өзүнчө ишкана болуп, иштеп келсе, эми анын баары бизге бириктирилди. Биз болсо өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине карайбыз. Биздин ишканада акционерлер жок, 100 пайыз мамлекеттик ишкана болуп эсептелет. Ушул себептен мамлекет элге жылуулук үчүн субсидия кылып берип келет.  Биздин мекеме Бишкек менен Ош шаарларынан  башка жалпы региондорду жылуулук менен камсыз кылат. Кыргызстан боюнча 45 миңге жакын абонентибиз бар. Жалпысынан биздин ишкананын 25 жылуулук берүүчү мекеме, 132  котельныйыбыз, анын ичинде 415 отканабыз бар. Алардын айрымдары  көмүр,  мазут , газ  жана электр энергиясы менен иштейт. Бизде мекемеде штатта дайыма иштеген жумушчулардын саны жалпысынан 2500дин тегерегинде, кышында  болсо бул сан дагы 500гө көбөйөт. Анткени бизде кышкысын иш көп.

Сизге бул тармак тааныш да. Кыйналган жоксузбу?

—Бул тармак мен түшүнгөн, мен билип калган тармактардын бири десем болот. Себеби, 2013-2014-жылдары  бир жыл иштеп кеткем. Андыктан мага эч кандай деле кыйынчылык болгон жок.  Андан кийин Жалал-Абад шаардык кеңешинде төрага болуп иштедим. 2015-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп келип, анан жакында бул өкмөт башчыбыз бул ишкананын жетекчилигине сунуштаганда, сунушту кабыл алып, иштеп жатабыз.

Кыш мезгилине даярдык талапка ылайык болдубу? Алдыда көйгөйлөр жаралбайбы?

Кудай буюрса, баары жакшы деп жатабыз. Чоң көйгөйлөр жаралбасын деп биз алдына –ала жакшы даярдыктарды көрдүк. Жылуулукту 10-октябрдан баштап берип баштаганбыз. Көмүр, мазут, газ менен толук камсыз болуп, котёльдорубуз 15-октябрдан тарта иштеп жатат. Чоң көйгөйлөр жаралгандан Кудай сактасын, биздин милдет элге талапка ылайык жылуулук берүү. Мына ошол милдетибизди так аткаруунун аракетиндебиз.

—Сиздердин мекемеде чечилбеген чоң көйгөйлөр кайсылар?

-Мамлекеттик деңгээлде чечиле турган чоң көйгөйлөр бар. Маселен, биздин котельныйларыбыз дагы, жылуулук өткөрүүчү түйүндөрүбүз да өткөн кылымдын 60-жылдарында салынган. Андан бери жарым кылымдан ашты. Абдан эскирди. Айла жок, колдон келишинче, оңдоп-түзөп, ишке жаратып колдонуп келатабыз. Мына ошол  котельныйларыбызды,  342 чакырымга созулган жылуулук берүүчү түйүндөрүбүздүн баарын жалпы жаңылап койсок абдан жакшы болмок. Жаңылап алсак, жылуулук берүүнүн сапаты да бийик болмок, чыгымдар да аз болмок да. Бирок бул маселе боюнча такыр эле алакан жайып олтуруп калбастан, мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша жыл сайын беш-ондон жаңы котельныйларды салып жатабыз. Бирок мындай темп менен алмаштырсак, көп жыл кетип калат. Андыктан бир чыгынып, жетиштүү каражат булагын таап, баарын жаңылап алсак, чыгымдар кыйла азаят эле.

Буюрса, жакында Канат шаарында жаңы котельный ачалы деп жатабыз.  Анткени, Кант шаарына биз ушул убакка чейин Шифер заводунан жылуулук алып, көп акча төлөп келебиз. Ошондуктан, башка ишканаларга көз каранды болбойлу деп бар аракетибизди көрүүдөбүз.

—Ишканада айлык жана кадр маселеси кандай? Талапка жооп береби?

—Биздин ишканада оптимизация жүрүп жатат. Ага ылайык 2017-2018-жылдардын эсебинен 390 кишини жумуштан кыскарттык. Жаңы жылдан баштап жаңы штаттык көрсөткүч менен иштеп баштайбыз. Мен да борбордук аппаратта иштеген 5 адамды кыскарттым. Жумушчулардын айлыгы 1 гигакалориянын баасына да бөлүнөт. Ошон үчүн гигакалориянын баасын арзандатуу үчүн бир катар кыскартууга барып жатабыз. Чынында бизде айлык маселеси жогору эмес. Орточо айлык 12 миң сом. Акыркы мезгилдерде жылуулук берип жатышкан жеке менчик ишканалар да көбөйүп жатат. Эми аларда айлык жогору. Бизде 12 миң болсо, аларда 20 миң.  Ушул себептен бизге жаш кадрлар келип, ишти үйрөнүп алгандан кийин ошол жеке ишканаларга иштеп кетип калган учурлар болуп жатат.  Негизинен алганда кадр маселеси өтө укмуш болуп кетпесе да талапка жооп берет. Кадрларды ар бир региондогу жетекчилерибиз өздөрү тандап алышат, аттестациядан өткөрүп турушат, айтор алардын кесипкөйлүгүнө биринчи кезекте ошолор жооптуу.

—Республикалык маанидеги жылуулук ишкананын жалпысынан 45 эле миң абоненти болгону – бул аз көрсөткүч да. Бул боюнча эмне айтасыз?

—Бул маселенин үстүнөн бар аракетибиз менен иштеп жатабыз. 45 миң абонент – бул акыркы кезде көбөйүп бараткан көрсөткүчүбүз. Бир кезде ишканага болгон ишеним аз болгондуктанбы, айтор кыйла азайып кеткен болчу. Биз эч кимди кыйнай албайбыз. Ар бир абонент биздин кызматты өз каалоосу менен колдонушу керек. Союз маалында көбү кыркып, абоненттер кыйла азайып кеткен. Мисалы,  Баткен аймагында ишканабыздын филиалы жок. Ал  аймакта убагында биздин филиалды Жергиликтүү бийлик өз балансына алган, бирок чыгып көп болуп иштете албай, трубалар жарылып, котельныйлар жабылып калган. Азыр Баткенде көп кабаттуу үйлөргө “буржуйкаларды” коюп алып  олтурушат. Баткенге кайрадан өзүбүздүн филиалыбызды ачалы деген планыбыз бар. Өкмөт бул жагынан колдоо көрсөтсө, бул маселени акырындык менен чечебиз.

(Уландысы бар)

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here