Нургазы мырза, эл үчүн жылуулук баасы кымбат эмеспи? Элдин төлөөсү кандай?

—Жок эл үчүн болушунча арзандатуу болгон. Ошон үчүн өкмөтүбүз элге жылуулук баасын толук төлөтпөй субсидия кылып келет. Азыр 1 гигаколориянын орточо мамлекеттен бекитилген баасы 1300 сом. Негизи ошол эле 1 гигакалория өз чыгымы менен 4000-5000  сомго айланат да, калган 2000-3000 сомду мамлекет эл үчүн субсидия кылып берет. Ал эми мамлекеттик мекемелерге субсидия жок, алар толугу менен төлөшөт. Жылуулук өндүрүү үчүн кеткен чыгып элден 100 пайыз төлөнүп жатат.

Андан сырткары, “переходящий” деп коёбуз, ал жагынан алганда эл биздин ишканага 120 млн. сом карыз. Карыз боюнча мурунку көрсөткүчтөр мындан да көп болчу. Ачык айтканда 500-600 млн. сомго чейин чыгып кеткен учурлар болгон. Азыр тартип башка. Планды аткара албаган жетекчилер иштен алынат. Бирок бизде план жакшы эле аткарылып жатат. Акыркы мезгилде эл да түшүнүп калды. Убагында төлөп жатышат. Бизге жылдык бюджет катары, мындайча айтканда жылуулукту өндүрүү жана абашка чыгымдарга өкмөт 1, 250 миллиард сом берген. Жылына биз 600 млн. сомго чейин чогултуп, анын баарын ар түрдүү чыгымдарга сарптайбыз. Биз эми өкмөттөн алып жаткан бул акчанын көлөмү келерки жылдан баштап 100-150 млн. сомго азайталы деп жатабыз. Бул тармакты акырындык менен өнүктүрсө болот. Биз башка мамлекеттердин, маселен Германиянын, Россиянын, Латвиянын ЖКХларын көрүп, тажрыйбаларын   байкап жатабыз. Көп өлкөлөрдө жылуулукка эл өзү төлөйт. Маселен, 70 пайызын эл төлөсө, калган 30 пайызын мамлекет төлөйт. Бизде болсо  70 пайызын мамлекет, 30 пайызын эл төлөп жатпайбы. Бул көрсөткүчтү акырындык менен  өзгөртүү керек. Элдин төлөөсүн 50-70 пайызга чейин жеткирүү системасына жеткиришибиз керек. Эгер өкмөт тарифти акырындык менен көтөрүп берсе, биз анда мамлекеттен акча албай эле өздүк эсеп менен иштеп кетсек болот деп ойлойм. Бирок бизде баа көтөрүлсө, элибиз нааразы болот. Бул жагы да ойлоно турган маселе да…

Бул ишкана мурун “Кыргызжилкомсоюз” деп аталып турган кезде абдан коррупциялашып кеткени элге маалым. Бул мекемеге нааразы болгондор көп болчу. Азыр бул маселе кандай? Коррупциянын көрсөткүчү азайып жатабы?

—Туура мурун нааразы болгондор көп эле болгон. Ишканага коррупция боюнча ар кандай сын-пикирлер да айтылган. Акыркы жылдары Кудайга шүгүр, акырындык менен  оңолуу, өнүгүү жолу менен иштеп баштады. Анын үстүнө текшерүү күчтүү. 6-7 атайы орган текшерип турат. Бул жылдын эсебинен бизде баары тынч. Мыйзам бузуулар болгон жок. Буга чейинки жылдарда  кээ бир учурларда  коррупциялык элементтерге жол берилип кеткен.  Мыйзамды бузган анча-мынча жетекчилерге иш козголгон учурлар бар. Бирок анын баарын далилдөө кыйын иш экен да. 303чү коррупция боюнча беренени сотто далилдөө кыйын экен. Сотто күбөлөр өз көрсөтмөлөрүн өзгөртүп койсо, баары башкача болуп кетет турбайбы.

Эми соңку суроону саясый  багытта кылалы. Сиз оппозициялык фракциядагы “Республика-Ата-Журттун”  Жогорку Кеңештеги  депутаты  болуп туруп, кызматка кетип калдыңыз. Же сиздин ордуңузга Зарылбек Рысалиевди алып келүү үчүн бийли сизди бул кызматка көндүрдүбү? Мына ушундай маанидеги маалыматтар ЖМКга көп чыкты. Бул боюнча өз оозуңуздан уксак…

Бул маселеде эч кандай саясат жок. Ар ким өз көз карашына жараша ойлонот. Мен Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенимде эле өкмөт мага “Кыргызнефтгазын” жетектеп берүүмдү суранган. Бирок ал маселе кандайдыр бир себептер менен ишке ашпай калды. Буйрук экен, бул мекемени сунуш кылышты. Себеби, бул жерде өзүм иштеп кеткендиктен, өкмөткө жардам кылууну туура деп чечтим. “Республика-Ата-Журт” фракциясынын мен эмес, башка депутат кете  турган болсо деле, анын ордуна Зарылбек Рысалиев келмек. Себеби, ал кишинин кезеги жеткен болчу. Мен Жогорку Кеңешке “Республикадан” эмес, “Ата-Журттан” келгем. Андыктан мен Бабановго  түздөн – түз баш ийгендердин бири эмесмин. Өз көз карашым бар дегендей. Таарынычтар болсо керек, бирок чынында мен ал киши менен жолугуп сүйлөшкөн жокмун.

Булак: Багыт 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here