Бакиевдин эң жакшы көргөн премьер-министри болгон Данияр Үсөновдун Бакиевдер менен кошо Кыргызстандан качып кеткенине 7 жылдан ашты. Көрсө бул эргул  Даниил Урицкий деп аты-жөнүн өзгөртүп, Белорустагы ишканалардын бирин жетектеп, бул өлкөнүн эконоимкасын көтөрүүгө 1 миллиард доллар инвестиция салып  жатыптыр.  Бул маалымат ачыкка чыккандан кийин 7-апрелде жабыр тарткандардын уюму Үсөновду жоопко тартылсын деп чыгышты. Бийлик кыймылдабса, кайдан жоопко тартылат эле. Мамлекеттик каттоо кызматы болсо  Үсөновдун  Кыргызстандын жарандыгынан баш тарткандардын тизмесинде жок экенин кабарлады. Албетте, бул жагы белгилүү деңизчи. Бирок ошондой болсо да  мамлекетке зор кыянатчылык кылган Үсөнов  өзү издөөдө, аялы Динара Исаева болсо Жогорку Кеңешти 2010-жылдан бери бир да сүйлөбөгөн  “балык” депутаттардын бири болуп, күйөөсү экөөнүн Кыргызстандагы бизнестерин гүлдөтүп жатат.  Бул жагы кайсы акылга сыят. Мындай таңкаларлык көрүнүш бир гана кыргыз саясатында кездешсе керек.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here