Жогорку Кеңештеги “Ата-Мекен” фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов соттун өкүмүнө байланыштуу “Азаттык” радиосуна  төмөндөгүдөй  пикирин билдирди:

— Мен шаардык сотко, Жогорку Сотко, эл аралык сотторго кайрылам. Мен булар менен өмүрүмдүн акырына чейин күрөшөм. Кеп мандатта эмес, мен мандаттан ажырап эле саясаттан четтеп калмак белем. Мен көчөдө жүрүп деле саясатта болом. Азыр трибунада эле эмес, атуул катары деле өз позицияңды билдирсең болот. Эгер мандаттан ажыратса эл талашып окуй турган, Кыргызстандагы коррупция, уурдалган революция жөнүндө аттарын атап, далилдери менен, аттарын атап китеп жазам.

Туура, жазсын! Андай китеп Кыргызстанда чыга элек. Бирок чындыкты билген,  мамлекеттеги коррупцияны түбүнөн билген адамдар андай элге керектүү китептерди соттолсо да, соттолбосо да жазышы зарыл. Эмесе, Алмамбет мырзанын китеп жаза турган калеми курч болсун дейли…Мынча айткан соң, жазсын эми…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here