Курманбек Бакиевдин тушунда  Бишкек шаарынын мэри , президенттик администрациянын башчысы, премьер министр кызматын аркалап, 2010-жылы 7-апрелдеги революциядан кийин кыргызстандан качып кеткен Данияр үсөнов Урицкий Данила Тимурович деген ысым менен Белоруссиянын  граждандыгын алганы маалымат булактарына чыгып, коомчулук кызуу талкуулап жатат. Аты, фамилясын өзгөрткөн Үсөновдун Белоруссиянын экономикасына 1милиард инвестиция салып жатканы дагы айтылууда. Буга байланыштуу Бишкекте Үсөновду Кыргызстанга экстрадиция кылуу жагын башкы прокуратура чечсин деген талаптар коюлду. Үсөнов 7-апрелдеги окуяга байланыштуу өмүр бою эркинен ажыратылган. Жубайы Динара Исаева Жогорку Кеңеште «Республика-Ата-Журт» фракциясынын ооз ачпаган депутаты болуп отурат. Күйөөсү кыргызга чыккынчылык кылып, элди мамлекетти тоноп кетсе, аялы эч нерсе бобой парламентте отурат. Парадокс деп ушуну айт…

Булак:Фабула пресс.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here