Чагылган: Мамлекетитк мүлктүн ана башчысы  Зилалиев Дүйшөнбектин өзгөчө өнөрлөрү дүйнөнү дүңгүрөтмөй болду. Бири бүтсө, бири кычап башталат десең. Тоо кен тармагы боюнча агенттикти жетектеп тургандагы элге анча чыга элек былыктары, анан вице болгондогу “Лигалас”, Кумтөрдөгү мөңгүлөрдү талкаламай саясаты, анан Мүлк фондусуна келбей жатып Кыргызстанда алтын казган компаниянын кымбат баалуу жол тандабасын «байкабай» кызматтык унаа катары кебелбей айдап жүргөнү да ачыкка чыгып, катуу сынга алынган. Ушундай укмуш иштердин автору Текешбекович  жаңы ажо Жээнбеков ант берген күнү бомба тууралу жалган маалымат боюнча мурда козголгон кылмыш иштин негизинде эки күн мурун УКМКга көрсөтмө бергени маалым болду. Айта кетсек, айрым  маалымат каражаттары бомба тууралуу милицияга ИИМ академиясынын курсанты кабарлаганын, ага бул тууралуу 1532 ВК мамлекеттик номерлүү «Лексус» машинесинен белгисиз бирөө билдиргенин жазышкан. Кийинчерээк машиненин номуру Зилалиевге таандык деген маалыматтар чыккан. Дүкөң болсо курсант кыздын форма деп айтканын бомба деп угуп алганын айтып чыкты. УКМК Зилалиевди бул иштен тышкары да жогоруда айтылган эл биле элек, жана билип калган укмуш иштери боюнча да иликтөө жүргүзүшү зарыл.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here