Президенттик шайлоодон кийин алапайын таппай  куландан соо болсо да Кудайды карабай ооруп жатам деген калп  шылтоо менен Орусияга кире качкан Бабанов ушуну менен экинчи, же үчүнчү ирет үн катты окшойт. Кылмыш козголгондон бери дымы чыкпай жаткан, куу каптал неме келечегин ойлоп, жойпуланып жаңы ажо Жээнбеков ант берген күнү, ага жагалданып куттуктаган болчу. Ошол куттуктоону шайлоодо жеңилген күнү журналист журтчулугуна маалымат жыйынын өкөрүп жаткан учурда оозуна талкан сугунуп алгасып айткан эмес, же айтканга каалоосу жок болгон. Бүгүн болсо Октябрь райондук соту НТСти талаштуу боюнча чечим чыгарганда канчадан бери үн катпай, Орусияда “оорукчан” болуп жаткан Бабанов капысынан ойгонуп, көзүн ушалап, шашып-бушуп буларды ФБ баракчасына жазыптыр:

Урматтуу Кыргызстандыктарым, 
Ойго келбеген иш болуп жатат.
Рейдерлик жол менен, сотту колдонуп, НТС телеканалын тартып алганы турушат. Кыргызстандык соттор эми Максим Бакиевдин кызыкчылыктарын коргоп калганбы? Юридикалык документтер, акыйкаттык — куру барак, куру сөз болуп калды беле? Башкы максат — көзкарандысыз, жеке телеканалды жаап салуу же тартып алуубу?”

Бул кайрылуунун орусчасы да бар. Анча болду Он-Адырдагыдай “өзбек калкым” деп да өзбекче  дагы кайрылуу кылса болмок, же шашып жатып “унутуп” калганга го… Баса кайрылууда Максимди катуу эстептир. Кантсе да ал Бабановдун эски досу эмеспи. Эски дос эстен кетпейт болуп жаткандыр… Бир кездеги Максим менен шилекей алышкан мезгилдерин эстеп, бир көз жаш кылып алса керек…

Мына өз байлыгы боюнча маселе козголгондо үн катып кыйкырып калды. Буга чейин Кыргызстанда эмне деген гана мамалекеттик эң маанилүү, көйгөйлүү маселелер болуп жатканда, алар боюнча бир да үн катканга жараган жок, укмуш “ооруп” жаткан түр кылып, кол шилтеп…

Чынында Бабановдун Сокулуктун Военно-Антоновкадагы “Восст” деп аталган нефти компаниясы, мурунку “Азамат”, азыркы РИОМ автобазары, Бишкектеги “Кыргызстан” банкы ар кандай жолдор менен жеке менчигине өткөнү маалым. Тактап айтканда рейдерлик жол менен! Ошондой эле бүгүн чыр болуп жаткан НТСтин чоо-жайы да чырлуу экенин бир катар ЖМКлар жазып чыгышты. Ал да бекеринен болбосо керек. НТС кантип колго тийгенин айтып берсе болмок экен, анчалык абийирине камчы чаппай…  Бул канал караштуу болгон компания Белизде катталганын, ал компания Максим Бакиевге таандык экенин vesti.kg ж.б. сайттар жазып чыгышты.

Деги Бабановдун таза жол менен байыбагыны бешиктеги балага да белгилүү. Демек, башкалардан “сыйкыр” жолдор менен тартып алган мүлктөрүн кайра кайтарып берүүгө мезгил жетти окшобойбу. Ал эми мамлекеттик маселени уруп ойнобогон бул  эргул жеке менчик мүлк дегенде жаны чыгып жатат. Айтор,  жеке кызыкчылык гана ойлогон ойрондор аман эле болсунчу…

Кубанычбек Муратов

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here