Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак Жалилов токол алганын жарыялап, коомго жик салып койду. Чубак ажынын аялы Гүлнур Жалилова жолдошунун үстүнөн өзүнүн жана балдарынын өмүрүнөн кооптонуп жатканын, андыктан чогуу жашаганды каалабай турганын билдирип милицияга арыз жазды. Учурда Гүлнур айым беш баласы менен «Сезим» кризисттик борборунда. Бирок «Сезимге» кайрылган аялдардын өздүгү сыр бойдон сакталгандыктан, аталган борбор бул маалыматты ырастаган да, четке каккан да жок.

Бул маселеге байланыштуу коомдо кызуу талаш-тартыш, кайым айтышуу дагы да болсо токтой элек. Коом эки жаатка бөлүнүп, бир тарабы Чубак ажыны жактап, эки же андан көп аял алууга шариат жол берет деген жүйө келтиришсе, бир тарабы Кыргызстан светтик өлкө экенин, мыйзамдан шариат жогору турбасын айтышууда.  Бирок кандай болгон күндө дагы Чубак ажынын бул жоругу Кыргызстанга диний түшүнүк тереңдеп сиңип, шариаттын жол-жоболору менен жашаш керек деген идея иш жүзүнө аша баштаганынан кабар берди. Тилекке каршы, бул кагылган коңгуроо мамлекет башындагы жетекчилер менен мамлекеттик укук коргоо органдарына анчейин таасир этпегендей. Буга Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын «Чубак ажы Жалилов эки жолу суралып, жүргүзүлгөн текшерүүдөн иш козгоого негиз тапкан жок» деп тараткан маалыматы далил болуп берет.

Ырасында, укук коргоо органдары ИИМ, Башкы прокуратура баш болуп Чубак ажы мыйзамды тоготпой, ачык чакырык таштаганына кайдигер карабаш керек болчу. Мыйзам бузууга чакырык ташталган соң, ким болсун жазасыз калбаш керек. Себеби Чубак ажы жөн эле катардагы оозуна келгенди оттоп коюп, анан «тамашалап койгом, токолум эмес, ойношум болчу» дегидей жөн салды карапайым бирөө эмес. Ал элге аты чыгып, коомдун кайсы бир катмары колдогон диний аалым. Чубак ажыны Кудай көрүп, анын мыйзамды бузуп чакырык таштаганы түгүл, «төшөктө аял-эркек кандай жатыш керектигине чейин кийлигишкен, киндиктен төмөн түшкөн дааваты менен «шыпыргыны тикесинен коюп койсо алганга ыңгайлуу болот» деген калжың сөздөрүн дарыдай кабыл алып ээрчигендер көп.  Демек мыйзам чегинде чара көрүлүүгө тийиш. Анткени мунун келечек кесепети жаман. Үй-бүлөлүк институтка доо кетет. Мунун арты мамлекетти караңгы коомго жетелейт. Келечек муун үй-бүлө жоопкерчилигин сезбей, балдарыбыз төрт катын алат, кыздарыбыз токол болгонго шарт түзүлөт. Үй-бүлө институту талкаланган жерде мамлекеттин келечеги болбойт.

Ансыз да көзүн эле жылтыратып кара түскө чулганган кыздар менен көзүнөн башка жерин сакал баскан жаштарыбыз, кыргыз элинин улуттук салт-санаасын, маданий баалуулуктарын чанып ширк дегендер, керек болсо кыргыздын руханий жашоо өзөгү болгон “Манасты” былжырак катары сыпаттагандар, Жаңы жылды тоспо, Ноорузду майрамдаба, телвизор көрбө, музыка укпа деген диний фаннаттар жылдан-жылга арбып жатат. Мухаммед пайгамбар жашаган доор менен азыркы доордун асман менен жердей айырмасы бардыгын түшүнгүлөрү келишпей же чындап эле түшүнүшпөй, пайгамбарыбыз жашаган заманга кайтып баргылары келген муун пайда болууда. Албетте, намаз окуп, ыймандуу болгон парз. Бирок ар нерсенин чеги болот. Ыксыз эле ашынып фанат болуп, динге баш-оту менен кирип кеткен жакшылыкка алып барбайт. Кыргыз элине жат башка элдин салт-санаа, түшүнүгүн коомго жайылтуу улуттун өзөгүнө доо кетирип, ажырым жаратат. Ажырым жаралган жерде көз караш, түшүнүктөрдүн кагылышуусу болот.Анын натыйжасы уруш-талаш, чыр-чатакка жеткирет. Бул жагдайдын белгилери мурун көмүскөдө калып келсе, учурда ачыкка чыкты. Мисалга алсак, Чубак ажынын чуусу айныгыс факт. Маселенин азыртадан алдын албасак, кийин кеч болуп калат.

Дегеним, Чубак ажынын мыйзамды бузууга чакырык таштаган токол чуусу коомдун баш терисин байкаган биринчи көрүнүш эмес. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жума күнүндөгү түшкү тыныгуу убактысын эки саат узартуу маселесине каршы чыккан үчүн «Мен муфтий болгондо,ага жаназа окулбасын деген өкүм чыгарат элем» – деп радикалдуу көз карашын тайманбай ачык билдирген. Ошондо эле мындай кооптуу пикири үчүн чара көрүлүшү керек болчу. Тилекке каршы, мыйзам чегинде жеткиликтүү профилактика жүргүзүлбөгөндүктөн, минтип дагы да болсо өзүнүн диний көз карашын мыйзамдан жогору коюп, коомго чок таштап отурат.

Арийне, Чубак ажы жазадан буйтап өтүш үчүн, экинчи алган аялын баштагыдай ачык мойнуна албастан «сүйүктүүм» болчу деп жойпуланып, мыйзамды кыйгап, укурукка илинбөөнүн амалын көрүүдө. Ошол эле кезде, «жогорку кызматтагы бир топ аткаминердин экинчи никесин кыйганмын» дегенди айтып, «эки аял маселеси менен камала турган болсом баарын айтып, көбүңдүн айыбыңды ачам» деген өңдүү, үлкөн кызматтарды аркалаган, эки-үчтөн аялы бар чиновниктерди чочутуп койду. Мындан улам, коомчулукта элге төбөсү көрүнгөн аттуу-баштуулар, мамлекеттик кызматтын сересинде отурган төбөлдөр, абийирим ачылып калбасын дегендей башын коңулга катып, үн каткандан айбыга түштү. Чырылдаган эле жөнөкөй жарандар.

Эң эле өкүнүчтүүсү мындай түпкүлүгү түз эмес көрүнүшкө мамлекеттик укук коргоо органдары кош көңүл мамиле жасап, олуттуу чара көрө албай жатса, Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев «Чубак ажы Жалилов жараткандын алдында эч кандай күнөө кылбаган» — деп билдирүү таратып, кырдаалды ого бетер курчутуп, отко май чачып жатат. Ушул жерден белгилей кетчү нерсе, муфтий Максат ажы жараткандын вазийпасын өзүнө ыйгарып алганы кызык. Дегеним, «Чубак ажы Жалилов жараткандын алдында эч кандай күнөө кылбаган» деп өзү эле так кесе бүтүм чыгарып жатат. Диний түшүнүктөн же шариаттын алкагынан карай турган болсок, Чубак ажынын күнөөсү бары же жогун бир гана жараткан билет. Андыктанмуфтийдин жараткан менен кеңешип чечим кабыл алгандай сүйлөгөнү, бери болгондо айткан сөзүнө маани бербеген алаңгазарлык, ары болгондо диний көңдөйлүк.

Кыскасы, шариаттан башканы көзгө илбеген жоопкерчиликсиз мамиле тереңдеп баратат. Эгер бул жагдай боюнча өлкө жетекчилиги, мамлкекеттик укук коргоо органдары тарабынан ою, дили бузуктарды сестенткен чечим кабыл алынбаса, Кыргызстанда мыйзам эмес, шариаттын өкүмү жогору турат дегенге жол ачылат. Ошондуктан ИИМ, Башкы прокуратура Чубак ажынын эки аял алганынан жана экинчи аял алууга чакырык таштаганынан айып таба албай карайлап жатса, биринчи мыйзамдуу жубайы Гүлнур Жалилова жазган арызга кайдигер карабастан, жоопкерчиликтүү мамиле кылып, мыйзамдын күчүн көрсөтүүгө тийиш. Болбосо, светик өлкөбүз деп ооз көптүрбөй, Конституция менен эмес, шариаттын өкүмдөрүн аткарып Кыргызстан ислам мамлекети деп жарыялап, Куран китепке карап түздөнөлү.

Алмаз Темирбек уулу

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here