Акыркы убактарда интернет айдыңында тиш пасталарынын зыяндуулугу жөнүндө маалыматтар тарап, карама-каршы пикирлер айтылып, кызуу талкууланууда. Мындай маалыматтардын чындыкка жакындыгы бар же жок экендигин аныкташ үчүн бир нече ырасмий интернет баракчаларына көз жүгүртүп, колдонуучуларга, ошондой эле, тиш дарыгерине кайрылып, суроолорго жооп издеп көрдүк.

Интернеттеги кээ бир маалыматтарга таянсак, тиш пастасынын сыкма идишиндеги түстүү жолчо пастанын курамында кандай заттар бар экендигин көрсөтүп турат.

Мисалы: жашыл түс – жалаң гана табигый компоненттер, көк – аз өлчөмдөгү медициналык препараттар менен табигый заттардын аралашмасы, кызыл – 50% химиялык заттар, кара – 80%дан ашык химиялык заттар  бар экендигин билдирет.

Ошондой эле, бул маалыматтарда кара жана кызыл түстүү жолчосу бар пасталарды колдонуу саламаттыкка өтө кооптуу коркунуч туудурары баса белгиленген.

Бул маселе Россиянын Биринчи каналынын  “Жить здорово” телекөрсөтүүсүндө да каралган. Анда алып баруучу Дмитрий Шубин  жолчолордун жогорудагыдай маанини туюндурарын тастыктаган. Бирок, анын айтымы боюнча, пастаны түстүү жолчолоруна карап жакшы же жаман деп бөлүү туура эмес.

Ал эми, Бишкек шаарында эмгектенген бир нече тиш дарыгерлери түстүү жолчолор жөнүндө эч кандай маалыматы жок экендигин айтышты.

Россиянын Парфюмердик-Косметикалык ассоциациясынын жетекчиси, биология илимдеринин кандидаты Татьяна Пучкованын www.chtoestchto.ru сайтына берген маалыматына ылайык, сыкма идиштеги  түстүү жолчонун продукциянын курамына эч кандай тиешеси жок. Ал жөн гана идишти толтуруп кесүүгө багытталган машиналар үчүн чек белги кызматын аткарат. Фотодатчик бул белгини ылгап алышы үчүн анын түсү менен фондук түстүн арасында контраст болушу керек. Максималдуу контраст – бул ак

фон жана кара белги. Эгерде дизайнда кара боёк болсо, анда белги да, штрихкод да кара түстө болот, а эгер дизайнда кара боёк жок болсо, мындай учурда фонго максималдуу даражада контрасттуу болгон түс менен белги коюлат. Фонго кара түс берилсе, белги ак болот. Кээде белгилер такыр коюлбашы мүмкүн, мындай учурда алардын ролун дизайндын элементтери ойнойт.

Көп жылдык тажрыйбага ээ стомотолог Нуралы Четинбаев пастанын курамын окуп көрүп, аткарган кызматына жараша тандоо туура болорун белгиледи:

-Биз, негизги курамын карап туруп эле, анан керектүү пастаны тандоону кеңеш беребиз. Саргайып бараткан тиштерге же тиштерде таш, өңөр болсо курамында абразивдик материалдар көбүрөөк болгон пасталар жардам берет. А эгер тиштин бүйлөсү сезгенген болсо, сезгенүүгө каршы дарылык касиети бар, ал эми тиштин өзүнүн эмалина болсо, курамында калий, кальций туздары болгон пасталарды кеңеш беребиз.

Эми пастанын курамына назар салып көрөлү. Антибактериалдык тиш пасталарынын курамында триклозан (triclosan) учурайт. Кээ бир өндүрүүчүлөр метронидазол жана хлоргексин сыяктуу антибиотиктерди да кошушат. Триклозан – ооз көңдөйүндөгү микроорганизмдерди жок кылат. Ал  патогендүү, б.а зыяндуу микропторду гана жок кылбай, сапрофиттик флорага пайдалуу делген бактерияларды да өлтүрөт. Кошумчалай кетчү нерсе, зыяндуу бактериялар кайрадан пайда болушу мүмкүн, ал эми паразиттер менен чыныгы күрөштү жүргүзүп келген бактерияларды биротоло жоготуп алуу коркунучу бар. Бир канча интернет баракчалары олуттуу бир негиз болмоюнча мындай пасталарды колдонуу менен тобокелчиликке барып жатканыбызды жазып чыгышкан. Ал эми өндүрүүчүлөр буга жооп катары, антибиотиктер адам ден-соолугуна зыян келтирбегидей аз өлчөмдө кошуларын айтып келишет.

Пастанын мол көбүктөнүшү үчүн натрийдин лаурил сульфаты (Sodium Lauryl  Sulfate, кыскартылып “SLS”) колдонулат. Кокос майынан химиялык жол менен алынган бул каражат тиштин өңөрүн кетирет. 2008-жылы Коннектикуд университетинин изилдөөчүлөрү “SLS” тин көрүүгө терс таасир тийгизерин аныкташкан. Пастанын сыртында “SLS free” деп жазылса, анын курамында “SLS”тин жок экендигин билдирет.

Дагы бир эң зыяндуу делген кошулмалардын бири – бул фтор. 1940-жылдары америкалык биологдор фтордун тиште пайда болгон көзөнөктөрдү бүтөөгө жардам берерин айтып чыгышкан. Бирок, ошол учурда алар фтордун  адам организми үчүн максималдуу нормасы канча болорун билишкен эмес. Чоң адамдар үчүн фтордун күнүмдүк нормасы  2-4 мг болсо, кичинекей балдар үчүн 1-3 мг  жетиштүү. Биз организмибиздеги фтордун балансын алма же болбосо көк чай сыяктуу күнүмдүк жеп жүргөн тамак-аш аркылуу толуктай алабыз. Ашыкча фтор эмалда сары жана күрөң тактарды пайда кылып, кариести өрчүтөт. Көп өлчөмдөгү фтор муну менен гана чектелбей, баш мээге таасирин тийгизип, альзгеймер ооруусунун жаралышына шарт түзөт.  Анткен менен кээ бир адамдарда фтор жетишсиздиги болушу мүмкүн. Андай учурларда атайын стомотологиялык тиштерди фтордоо процесси жүргүзүлөт. Бирок бул процесс дарыгердин кенеши менен жана анын көзөмөлү астында болууга тийиш.

Агартуучу тиш пасталарынын курамында пероксиддер – суутектин перекиси болот. Ал тиштин бүйлөсүндө майда жарылууларды, кичинекей жараларды пайда кылышы мумкүн. Ошондуктан, стомотологдор агартуучу тиш пасталарды бир жумада 2-3 гана жолу колдонууну сунушташат.

Үч жылдан бери тиш пастанын ордуна мисвак колдонуп келе жаткан 20 жаштагы Мырза Асангазиев учурда тиштеринин абалы мурдагыга салыштырмалуу жакшы  экенин айтты:

-Тиш пастасынын зыян экенин билген эмесмин. Тиштерди мисвак менен жуу сүннөт болгондуктан мен да мисвак колдонуп баштадым. Мурда тиштеримдеги ар кандай себептер менен стомотологго бир нече жолу баргам. Мисвак колдонгондон бери бир да жолу бара элекмин, барууга себеп да жок.

Стомотологдор да мисвак колдонгондорго каршы эмес. Бирок, пасталарды такыр эле керексиз каражат катары ыргытып салуу туура эместигин айтышат. Ошону менен бирге,  интернеттеги рецептер боюнча аптекадан алынган каражаттар менен үй шартында тиш пасталарын жасоо өтө кооптуу экенин эскертишет.

Жыйынтыктап айтканда, тиш пасталарын тандоодо рекламаларга эмес, анын курамына көбүрөөк маани беришибиз керек. Ошондой эле, тиш дарыгеринине кайрылып тиштерибизге кандай паста туура келерин аныктап алганыбыз өзүбүзгө эле пайда.

Абдукаримова Гүлайым

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here