Кыргыз маданияты, анын ичинен театр искусствосу, кыргыз театрларынын флагманы болгон Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын бүгүнкү күнү асманынан кара булут айланып мүңкүрөп, жетимсиреп турган учуру. Дегеним, театрдын көркөм жетекчиси, КР Эмгек сиңирген артисти Марат Козукеев 47 жашында мезгилсиз дүйнө салды.

Марат Жумабекович 1970-жылы 8-сентябрда Бишкек шаарында чыгармачыл инсандардын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 1988-1992-жылдары Черкасов атындагы Ленинграддагы театр, музыка жана кинематография институтунун актердук факультетин окуп бүтүргөн.  1992-1993-жылдары Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр  театрында иштеген. 1993-жылдан бери Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында артист, режиссёр катары эмгектенип келген. Акыркы мезгилдерде  «Көркөм жетекчиси» катары кызмат кылып келген.  2002-жылы «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти» ардак наамын алган.  Муратбек Рыскулов атындагы, Ч.Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты болгон. Ал театр искусствосунун өнүүгүсүнө эбегейсиз зор эмгек кылып келген. Анын акыркы убакта коюлуп жаткан “Тумар Ханыша”, “Саманчынын жолу”, “Коркут ата” өңдүү спектаклдери Эл аралык театр-фестивалдарында Гран-при, баш байгелерди багындырып келген.

Ал жарык дүйнө менен жаңы спектаклинин премьерасына 10 күн жетпей кош айтышып кете берди. Анын бул дүйнө менен өтө күтүүсүз кош айтышып кетиши бүтүндөй кыргыз элинин ичин ачыштырып, санаасын санга бөлдү. Режиссёр буга чейин актёр катары эл оозуна алынып, атактуу “ДЕМ” театрынын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Анын атасы Жумабек Козукеев да Улуттук драма театрдын режиссёру болгон. Театрда туулуп, театрда бойго жетип, театрда билим алып, театрда үйлөнүп, театрда жүрүп дүйнө салган актёрдун сахналаштары менен маек курдук.

 

Назым Мендебаиров, Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору: “Мараттын ичинде мага айтылбай калган сыры жокко эсе болушу керек деп ойлойм…”

—      Макенин театрдын көркөм жетекчиси болуусу үчүн театр аны 47 жыл тарбиялады десем жаңылышпайм. Себеби ал театрда туулуп, театрда  чоңоюп, театрда алгачкы кадамдарын таштап, театрда окуп, театрда актёрдук өмүрүн баштап, театрда биринчи жолу постановка коюп, ушул жерден өнүгүп-өсүп, ушул жерден үйлөнүп, ушул бийиктикке жеткен жигиттердин бири болчу. Экөөбүз өзгөчө ынак болчубуз. Бирок акыркы жылдары экөөбүздүн турмушубузда көйгөйлөр көбөйдүбү, айтор мурункудай дайыма чогуу жүрбөй калдык. Бирок буга чейин кеминде 15 жылдан ашык экөөбүз кечинде эле эки башка үйдө түнөгөнүбүз болбосо, күндүз кечке чогуу жүрө берчүбүз. Мага көп сырларын айтчу. Мен ага бүт сырымды айтчу элем. Сырдаш элек. Билбейм, азыр аны айтыш кыйын, балким Марат мени досум дебегендир. Бирок  Маке мен үчүн абдан жакын, ынак, жан курбум, досум эле. Маке досум көңүлү аябай жакшы кезде, спектакли жакшы ийгиликке жетсе же жаңы нерселерди ойлоп таап алса, болбосо кайгырып турганда ар дайым мени чакырчу эле. Экөөбүз отуруп алып көпкө сүйлөшүп,  сырдашаар элек. Ойлосом, жаштыктын толуп болуп турган учурунда келечекке болгон үмүттөргө толгон, фантазияга бай жакшы күндөрдү Марат экөөбүз бирге өткөрүптүрбүз. Сүйлөп сөз түгөнбөй, ырдап ыр түгөнбөй, айтор жашоомдогу жакшы күндөрүм Маке менен өткөн экен. Бирок ушинтип өмүрү кыска экен, эрте кетип калды. Кеткенде да бардыгыбызды жетимсиретип, эмне дээрибизди билбей калгандай бүдөмүк ойго таштап кетип калды. Маке өтө жакшы дос эле. Ал эч убакта эч кимге жабышчу эмес. Адамдарга өтө этият мамиле кылчу. Ашык эч нерсе сурачу эмес, ашыкча көңүл бурууну да талап кылчу эмес. Өзүнчө эле жүрө берээр эле. Көп учурда ичим тап болчу. Экөөбүз күнүмдүк оош-кыйыш мамилелер тууралуу сүйлөшчү элек. Аябай көп спектаклдерде партнёр болдук. Бири-бирибизди жарым сөздөн, көз караштан түшүнчү элек. Кайсы спктаклде ойнобойлу, өзүбүз каалагандай кылып оңдоп алчубуз. Марат кайсы бир ишти баштаса, ошол иштин аягына чыкмайынча элге да тынчык берчү эмес, өзү да тынч алчу эмес.

—      Ар кандай окуялар болоордо мага чалчу деп жатасыз, өмүрүнүн акыркы учурунда кандайдыр бир көйгөйү же бир кыйналып жүргөнү тууралуу айтты беле сизге?

—      Марат кайтыш болоордун алдында 3 күн мурун атайын жолукканы кабинетине бардым. Тепкичтен күшүлдөп-бышылдап көтөрүлүп келе жатыптыр. Токтой калып: “Паровоздой эле күшүлдөдүмбү?” – деди. Эмне болду десем, “Эки күндөн бери жүрөгүм ооруп жатат” – дейт. Маке ооруканага барып келсеңчи десем, “Эй, мобу “Боромбай бий” спектаклин чыгарып салайынчы. Ушуну чыгарып туруп биротоло бир жума жатыш керек болуп жатат. Бир-эки күндө эч нерсе чечилбейт”, – деп койду. Маке негизи жатпасаң деле ооруканага бир барып кел десем, “Ооба, ооба, ушинтип жатып эле өтүп кетет, сарсанаа болбо” – деп койду. Каза болоор күнү эртең менен болсо  экөөбүз чогуу министрге бардык. Кирээрде эшиктин алдында туруп калдык. Маке, аябай шишиптирсиң, көрүнсөңчү деп тызылдасам, “Капельница алдым. Ошол жакты окшойт. Түндө тынч уктадым”, – деди. Кардиологго бардың беле деп сурайын деп тилимдин учунда турду эле, аңгыча министр чакырып калды, шашып-бушуп кирип кеттик. Министрдин тапшырмаларын алдык да, шашып ишке кирип кеттик да. Бирок каза болоор күнү кечинде менин кабинетимде чогулуш болду. Маке аягында келип калды. Унчукпай отурду. Чыгып жатканда гана мени менен кол алышып туруп: “Макул анда, эртең көрүшөбүз да”, – деди эле. Бирок ошол боюнча жолукпай калдык. Экөөбүз көп эле нерсени сүйлөшчү элек. Мараттын ичинде мага айтылбай калган сыры жокко эсе болушу керек деп ойлойм. Себеби ал эмне кыйынчылык болсо, ошонун баарын мага айтчу да. Марат экөөбүздү уруштурабыз деп көп аракеттеништи. Туура, балким кээде урушуп да калгандырбыз. Себеби чыгармачылыктын жолу ушундай татаал, чындап урушсак урушуп деле кетмекпиз. Бирок ошого карабай Маке айтып калчу: “Экөөбүз карап тургандарга сыртыбыздан урушкандай боло берели, бирок ниетибиз түз болсун” – деп. Чынында экөөбүз өтө адекваттуу, конструктивдүү сүйлөшчүбүз. Сенин сурооңо жооп катары айта кетсем, актёрлордун социалдык абалы аларды көп жабыркатат да. Мындайча айтканда, Марат деле жеке үй  ала албай, батирде жашап  эле кетти да. Балдары чоңоюп калды, жеке үйү жок болсо, айлыгы болгону 13,500 сом болсо… Тияктан-бияктан иштеп тапчу албетте. Ошол бардыгына кара жанын карч уруп жатып, мындайча айтканда Маке күйүп кетти окшойт… Себеби бул өзүнчө жүк. Бир спектаклди коюштун өзүнүн эле жүгү кандай?! Күнү-түнү уктабай, эки-үч спектаклди бир учурда катар коюш режиссёр үчүн өтө оор түйшүк. Мисалы “Манас” университетинде сабак берсе ал жакта бир спектакль, “Туңгуч” театрында бир спектакль, бизде бир спектакль, ушинтип бир учурда үчтөн спектаклди коюп жүрчү. Койбоско аргасы жок болчу. Спектаклди койгон режиссёр адаттагыдан эки эсе батыраак ой жүгүртүшү, эки эсе батыраак  чечим кабыл алуусу керек. Ал эми бир учурда  ошончо спектаклди алып чыгууну элестетип көрчү?! Маке өтө түйшүктөндү….

—      “Боромбай бий” спектаклин чыгараарга 10 гана күн жетпей калган экен. Эми спектаклдин тагдыры кандай болот?

—      “Боромбай” спектаклинин прогонун көрдүм. Макенин шашканындай эле бар экен. Бүт баарын тактап, өзүнүн ордуна коюп кетиптир. Ассистенти Данияр Жанжигитов аягына чыгарат деп ойлойм. Бул эми Мараттын акыркы спектакли катары элге сөзсүз көрсөтүлүшү керек. Эл сөзсүз өз баасын бериши керек. Маке табиятынан жүрөгү өтө жумшак жан болгондуктан,  спектаклдеги конфликттерди да аябай жумшартыптыр. Бул режиссёрдун өтө чоң эмгеги.

—      Назым мырза айтсаңыз, коомчулукта: “Марат Козукеев Кыргыз драма театрынын мотору болчу. Марат өтүп кеткенден кийин театрдын келечеги бүттү, баштагыдай болбойт”, – деген сыяктуу пикирлер айтылат экен. Бул ойлорго кандай жооп берет элеңиз?

—      Марат чындап эле театрдын мотору, локомотиви болчу. Боромбай спектаклинде “Баш болуш оңой, баштап кетиш кыйын” деген жакшы сөз бар. Анын сыңарындай, баштап кетүүчү, артынан көп адамды ээрчитүүчү адам эле. Бирок жашоо мындан ары да өтө берет. Албетте Макенин орду толгус. Бирок анын ордуна дагы башка бирөө келбей койбойт, келет. Айтор биз азыр ойлонуп турган абалда турабыз. Бирок кудайым буюрса, бул абалдан да чыгабыз деген ойдобуз.

 

—      Азиз Мурадиллаев, актёр: “Эки-үч саат мурун көргөн адамыңды эле жоготуп алуу өтө оор экен”

—      Марат абдан күйүмдүү киши эле. Бирөөлөр жамандап жатса да, жамандык кылса да ойлонуп туруп чечкен адам болчу. Достукка бекем, бардык жагынан мыкты адам эле. Эсимде, мен эң алгачкы унаамды алып үйрөнүп жүргөндө экөөбүз чогуу жумушка келип, сабак бергенде чогуу барып калдык. Ошондо баарынан кызыгы, экөөбүз тең унаа айдаганды жаңы үйрөнгөн болчубуз. Бишкекте эч ким  унаа айдаганды билбечүдөй болуп, экөөбүз тең бардыгын уруштук эле. Кийин менин келинчегим: “Экөөңөрдөн башка эч ким унаа айдаганды билбейт го, чиркин?! Экөөң эле баарын билесиңер да”, – деп күлдү эле. Мараттын бизди таштап кетиши өтө күтүүсүз болду. Үч уктасам түшүмө кирбес окуя эле. Себеби кечкурун эле жолугуп, үйгө барып тамактанып бүтсөк эле суук кабар угуп калдым. Эки-үч саат мурун көргөн адамыңды эле жоготуп алуу өтө оор экен.

—      Аскат Сулайманов, актёр: “Театрдан кетээримде Марат алып калды эле…”

—      Марат менден улуу эле. Ага дос болуп жүрдүк. 1999-жылы окууну бүтүп келгенде эле ушул театрга келгем. Ошондо Мараттар театрдын жаштары болуп эсептелчү экен. Мени менен алтоо болуп,  иштешип калдым. Катарыбыз толукталды. Башыбызды бириктирген Марат болду. Кийин көркөм жетекчи кылып шайладык. Ошондо да кимдир бирөө жамандап жатса, аны менен урушайын же кызматтык абалынан пайдаланып муну иштен кетирип салайын деген ою жок болчу. Өзүнүн окуткан студенттерин театрга алып жатканда да көркөм кеңешке салып: “Студентимди ала койгула дебейм, талантын көргүлө. Контракттык негизде иштеп көрсүн”, – деп тураар эле. Театрга жаңы киргенде эки балам бар эле. Айлыгым аябай аз. Акчам же жол киреме, же батириме жетпейт. Бир күнү театрдан кетем го деген чечимге келдим. Арыз жазайын деп келсем Марат менен Назым: “Эмнеге жазасың?” – деп калышты. Ой, кыйналып кеттим. Балдарым ачка калды деп калдым. Ошондо Маке менен Назым: “Биз эмне ушу бойдон эле жыргап кетиптирбизби, бизге деле жетпей жатат. Бул күн да өтөт”, – деп улам башка сөзгө тартып, каткырып күлүп отуруп, кантип арыз жазбай калганымды билбей калгам. “Кантип ушул балдарды таштап кетем?” – деп, театрдан кетпей калып калганымдын бир себеби ушул досторум болгон. Тагдырымда чоң көмөк көрсөткөн адам Марат досум болду десем да жаңылбайм. Анткени ошол учурда Марат көп сөз айтып алып калган.

—      Камчы Сарыбаев, актёр: “Марат бала кыял, баласаак адам эле…”

—      Мен Улуттук театрга келгенде эң биринчи роль берген ушул Маке болгон. Ага чейин массовкада же ввод болгон спектаклдерде эле ойноп жүргөм. Театрга келип, эң биринчи Марат роль бергенде аябай кубангам. Ал “Алдар көсөө” деген спектакль болчу. Башында Маратты жактырбай, урушуп кетчүмүн. Сен минтип жатасың, тигинтип жатасың деп “бурк” этчүмүн. Көрсө бул режиссёрдун өзүнүн тактикасы экен да. Сени ар кандай ыкма менен сынап жатып, ичиңдеги нерсени сууруп алат экен да. Бир тамашалап келет, бир алдап келет, бир урушуп келет. Акырында катуу урушуп кетип, такыр ойнобойм деп көнбөй койдум. Эшикке чыгып отурсам: “Бас, ойнойсуң” – деди. Ойноп жатсам: “Мына, мына, мен сенден ушуну алайын дегем” – деп кубандырып, мактап койду. “ДЕМ” театрынын түзүүчүсү болду да, Назым экөө. Биздин Кыргыз драма театрынын жаштарынын  башын ушул экөө бириктирди. Канча жолу футбол ойнодук. Бат эле чырдап кетчү. Кемчилигин айтып койсом эле: “Эй Камчы, эмне айтасың?” – деп чындап урушуп кетчү. Сыртынан караган адам, экинчи бет карашышпайт го деп деле ойлосо керек. Бирок кайра гримёрныйга келгенде кишини жайгарып койчу. Бала кыял, баласаак адам эле.

—       Эркин Эгембердиев, актёр, режиссёр: “Марат агай: “Алган айлыгым аз деп мүңкүрөбөгүлө” – дечү”

—      Театрга түрткү берген негизги адам эле. Анын өзгөчө тапкычтыгына таң берчүмүн. Ар бир актёрдун жан дүйнөсүн ача билип, биринчи көкүрөгүбүздү байытчу. “Алган айлыгым аз деп мүңкүрөбөгүлө” – дечү. Марат агай сүйлөсө дагы, урушса дагы бардыгы бизге сабак боюнча калчу. Чыгармачыл адамдар дайыма бир нерсени ойлоп таап туруусу керек. Дайыма ойлонуунун үстүндөбүз. Ошол ойго шык берүүчү, жол көрсөтүүчү, театрдагы эң жакын адамым болчу десем жаңылышпайм. Интеллектуалдык деңгээли өтө бийик болчу. Кандай деңгээлдеги адам болбосун, ошол адамдын деңгээлине түшө билчү.

 

Даярдаган Нуркыз Рыскул кызы 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here