Акыркы убакта тукумсуздук оорусу менен кайрылган эркектердин саны көбөйүүдө. Бул тууралуу Ош облустук адам репродукция борборунун уролог-андрологу жана сексопатологу, медицина илимдеринин кандидаты, профессор Дилшод Мирзакулов билдирди.

Анын айтымында, жыныстык алсыздык менен жабыркаган эркектер да кайрылууда.

«Аялдын боюна бүтпөө, түйүлдүктүн өспөй түшүп калышы боюнча кайрылгандар көп. Мурун тукумсуздуктун көйгөйү аялдарда 60% болсо, эркектерде 20-30%ды гана түзчү. Бүгүнкү күндө эркектер менен аялдардын тукумсуздук көйгөйүнүн пайыздык көрсөткүчү бирдей болуп калды. Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюмунун маалыматы боюнча, тукумсуздук менен кайрылган аялдардын саны менен эркектердин саны теңдешип калды. Мунун себеби эмнеде? Тукумсуздук оорусу менен кайрылган эректердин көйгөйүнүн биринчи себеби жыныстык жол менен жугуучу оорулар. Андан сырткары, тамак-аштардын химикаттык кошулмалар менен даярдалышы буга себеп болот. Көпчүлүк адамдар ар түрдүү химикаттар кошулган суусундуктарды ичишет. Айыл чарбасында колдонулган жемиштер деле, азыркы күндө химикаттар менен дарыланып жатпайбы. Мунун баары организмге терс таасирин тийгизет. Ушул себептен эркектердин иммунитеттик системасы төмөндөп баратат. Жыныстык фертильдик абалы да төмөндөөдө. Мындан улам тукумсуздук келип чыгууда», — деди дарыгер.

Анын айтымында, жыныстык алсыздык, жыныстык органдын сезгенишинен улам келип чыгат.

«Жыныстык алсыздыкка нерв жактан көйгөйү бар жана организмдин кабылдоосу начар адамдар туш болот. Ошондой эле ал организмдин сезгенишинен да келип чыгат. Организмдин сезгенип калышына простатит жана жыныстык жол менен жуккан оорулар себеп болот. Мындан сырткары тамеки, насвай тарткандар жана башка наркотикалык заттарды колдонгондор жыныстык алсыздык менен жабыркашат», — деди ал.

Дарыгер белгилегендей, порно сайттардан сактануу менен жыныстык активдүүлүктү сактап калууга болот.

«Акыркы учурларда интернетте ар түрдүү сайттар көбөйүп кетти. Эркек киши аял кишини канчалык жылаңач абалда көрө берсе, анын жыныстык активдүүлүгү артка кете берет. Бул илдет мектептен башталып жатат. Мектептерге сабак өтүү үчүн барып калганыбызда окуучулар жыныстык жол менен жугуучу ооруларды билерин айтып беришти. Окуучулардын интернеттен порно сайттарды көрүүсүнө тыюу салышыбыз керек. Мындай абалда кете берсе, келечекте алар ден соолугу бекем болбой калышы мүмкүн. Мунун алдын алыш үчүн смартфондорду колдонууга тыюу салынышы зарыл деп эсептейм. 14 жашка толгон балада тестостерон организмде көбөйгөндүгү үчүн карама-каршы жынысына кызыгуу күч алат. Ушул куракта порно сайттардагы видеолорго кызыгуу башталат. 16-18 жаштан баштап организмдеги тестостерон күчөп турган убакыт болот. Тестосреондун чыңалуусу 25 жашка чейин болот», — деди профессор Д.Мирзакулов.
www.turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here