Темир Сариев премьер-министр болуп турганда 2016-жылы Кыргызстанга кайтарылган Ысык-Көлдөгү Өзбекстандын карамагындагы «Алтын кум», «Рахат», «Дилором» жана «Бостон» аттуу төрт пансионатка кайрадан коңшу мамлекет ээлик кылмай болду. Өкмөт башчы Сапар Исаков Кыргызстандын менчигине өткөн пансионаттарды кайра кайтарып берип жатканын «Өзбекстан пансионаттарды кайтарууну талап кылып, эл аралык сотко кайрылыптыр» деген суу кечпеген жүйөгө негиздеди.  Эми парламент Ысык-Көлдүн жээгиндеги төрт пансионатын кайтарып берүү боюнча Өкмөттүн чечимин колдосо, жер Кыргызстандын менчиги бойдон калып, ал эми өзбек ишкерлери мүлккө укугун мыйзамдаштырып алып, андан кийин эки тарап тынчтык келишим түзүп, сот токтотулат экен. Өз менчигине ээлик кыла албай жалтаңдаган Исаковдун жыргатчу түрү көрүнбөйт.

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here