Бир жыл мурда Эл аралык полиция уюму (Интерпол) издөөгө алган кыргызстандыктардын саны 160га жеткен. Алардын жарымынан көбү экономикалык кылмыштарга айыпталган. Арасында көрүнүктүү саясий ишмерлер, экс-президенттерден тарта шаардык кеңештин депутаттарына чейин бар болчу.

2017-жылдын аягында издөөгө алынган КР жарандарынын саны 13 эсеге кыскарган, тагыраагы, Интерполдун тизмесинде бүгүнкү күндө 12 эле кыргызстандык калган.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясы бир жыл ичинде Интерпол кайсы адамдарды эл аралык издөөгө алуудан баш тартканын изилдеп көрүүнү чечти.

Тизмеден Кыргызстандын соту тарабынан сыртынан өмүр бою соттолгон экс-президент Курманбек Бакиев жана анын үй-бүлөсү — Жаныш (жаныбек — ред.) Максим, Акмат, Искендер Бакиевдерди таба албайсыз. Бул үй-бүлө мүчөлөрү массалык түрдө киши өлтүрүү жана башка бир нече беренелер боюнча айыпталган.

Тизмеден өлкөнүн дагы эки экс-премьери — 2002-2005-жылдары өкмөт башчылыкта турган Николай Танаев менен муниципалдык жерлерди бөлүштүрүүдө кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталган Данияр Үсөнов алынган. Үсөнов өкмөттү 2009-жылдын 21-октябрынан 2010-жылдын 7-апрелине чейин жетектеген.

Мамлекеттик каражатты өз кызыкчылыгына пайдаланды деп айыпталган биринчи президенттин администрация жетекчиси Тойчубек Касымов дагы эл аралык уюмдун тизмесинен көрүнбөйт.

«Альфа Телекомдун» (Мегаком бренди — ред.) мурдагы директору Андрей Силич дагы качкын катары катталып, Интерпол тарабынан издөөгө алынган болчу. Ал да жок.

Аскар Акаевдин учурунда өкмөттүн аппаратынын укук бөлүмүн жетектеген 63 жаштагы Елена Белковскаянын да ысымы Интерполго катталган болчу. Ал 2009-жылы «Кумтөр» келишимин түзүүдө коррупциялык иштерге барган деп айыпталган.

Жыл ичинде аталган ысымдардын кимиси сот алдына келгени жана Интерпол кимди издөөдөн баш тартканы тууралуу сайтта көрсөтүлгөн эмес. Болгону Бакиевдер Интерполдун базасында жок болгону менен мамлекеттер аралык издөөдө экендиги белгиленген.

Бул боюнча толук жооп алуу үчүн Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин редакциясы ИИМ менен Интерполдун борбордук бюросуна расмий кат жөнөттү.

Булак:  https://sputnik.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here