Кой жылдызы

Кой жылдыз белгисинин астында төрөлгөндөр үчүн бул жылы өтө жеңил жылдардан болбойт. Андыктан кандай гана жумушта иштебеңиз болгон аракетти көрүп, көп күч сарптоого туура келет. Кой жылдызындагылар бул жылы жумуш орундарын алмаштырып, кирешелүү жумушка кириши мүмкүн. Ал эми жеке жашоолорунда андай деле таӊ кала тургандай жаӊылыктар, өзгөрүүлөр болбойт. Жыл ортосунда үй-бүлөдө түшүнбөстүктөр орун алышы мүмкүн. Ошондуктан жумуш деп эле жүрө бербей, үйгө да көңүл буруп, аяр мамиле жасоону жылдыздар эскертет.  Кирип келе жаткан ит жылында кой жылдызындагылар ден соолукка кам көрүүсү шарт. Анткени жумуштун көптүгү сизди алсыздантып, чарчоого алып келет. Ден соолукту чыңдоо үчүн  спорт менен дос болуу керек.

Букачар жылдызы

Ит жылы  букачарлар үчүн жакшы жылдардан болот.  Жашооңузда биринчи жолу сиз жалгыз эмес экениңизди сезесиз жана сизге дайым кол сунууга даяр адамдардын бар экенин билесиз. Алардын жардамы менен баштаган ишиңиз алдыга жылып, бизнес жаатында бир топ ийгиликтерди жарата аласыз. Документ иштеринде этият болуу керектигин жылдыздар эскертет. Ишим жакшы жолго түштү деп кол куушуруп отуруп албай,  алдыга койгон максатка жетүү үчүн аракет гана жасоо керек. Тынбай эмгектенип отурса гана каалаган максаты ишке ашат. Баштаган ишиңиз ийгиликтүү болгондуктан, бул жылы акча маселесинде көйгөйлөр болбойт. Бирок тактыкты талап кылат. А жеке жашоодо үй-бүлө кура электер өмүрлүк түгөйүн таап бакыттан башы айланса, үй-бүлөлүүлөр жаңы сүйүүгө кабылуудан сак болушун жылдыздар эскертет.

Эгиздер жылдызы

2018-жыл эгиздер үчүн карьеранын жана каражат табуунун жылы болот. Андыктан башка жумуштарды кийинкиге жылдыра туруу керек жана болгон күчтү  бизнеске жумшап, ийгиликке жетишүү керектигин жылдыздар айтышат. Жылдын алгачкы айларында жаңы долбоорлор менен иштөө сунуштары түшүп, ал проекттер абдан чоң суммадагы каражаттардын капчыгыңызга түшүүсүнө шарт түзөт. Андыктан бул жылы каражат жагынан кыйынчылыктар такыр болбойт. Акча маселеси менен башыңызды оорутпай, каалагандай эс алып, чет жерге саякаттоого көп чыгасыз. Жеке жашоодо болсо жаңы сүйүүлөр, кызматтык романдар көп болот. Бирок жыл аягында чыныгы сүйүүңүзгө жолугуп, бакытка ээ болосуз. Ден соолукка кам көрүүнү, туура тамактанууну жылдыздар эскертишет.

Бөйөн жылдызы

2018-жылы бөйөн жылдыз белгисиндегилер жумуштарындагы оордуктарга карабай, көп учурда өз максаттарына жете алышат жана карьералык өсүшкө ээ болушат. Алар бул ийгиликке өздөрүнүн аракети, өжөрлүгү менен ээ болушат. Жыл ортосунда абдан жоопкерчиликтүү, маанилүү, чоң кызматка баруусу күтүлүүдө. Ал эми жыл аягында эски өнөктөштөр  менен бирге пайдалуу келишим түзүп, жаңы иш баштоосу мүмкүн. Жумуштагы тактыгы менен кесиптештеринин мактоосуна жана ишенимине ээ боло алат. Бул сиздин ишиңизде жаңы мүмкүнчүлүктөргө жетишиңизге жол ачат.  Эӊ башкысы  ит жылында бөйөн жылдызындагылар сабырдуу, чыдамдуу болушу шарт. Жылдын башында ден соолукка жакшы көӊүл бурууну жылдыздар эскертет. Эски оорулар козголуп, бир аз кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн.

Арстан жылдызы

А дегенде ишти эмнеден баштоо керектигин чечип алуу зарыл. Баштап жаткан ишиңиз артка кетип же бир орунда тура беришин каалабасаңыз, ишти туура жолго коюудан баштоо керектигин жылдыздар айтышат. Андан кийин эски да, жаңы дагы кесиптештер менен мамилени оңдоп, жылуу пикирге  келүү шарт. Бул сиздин ишиңизди алдыга гана сүйрөйт. Ишке ашыра турган палндардын баарын жыл башында баштоо туура болот. Жыл ортосунан тартып каржылык жактан көйгөйлөр болуп, пландаган иштериңиз ишке ашпай калышы мүмкүн. Мындайда эӊ башкысы күчтүүлүк керек. Сабыр кылып, чыдамдуулук менен ал кыйынчылыктарды жеӊип алган арстандар, андан кийин бардык жактан ийгиликке ээ болушат. Күз айы арстан жылдызындагылар үчүн эӊ ийгиликтүү мезгил болуп саналат.

Бийкеч жылдызы

Ит жылы бийкечтердин өзүн бардык иште өзүн көрсөтө турган жыл болуп саналат. Болгон күчтү жумушка жумшап, иштеген ишиңиздин майын чыгара аткарсаңыз карьералык өсүшкө ээ болуп, жаңы жумуш ордуна барасыз жана бул жылы сиздин жумуш чет жерге болгон кызматтык сапар менен өтөт. Мындай нерсе бирок жеке жашооңузга терс таасирин тийгизип, сүйүктүүңүз менен пикир келишпестикке алып келиши мүмкүн. Ошондуктан үй-бүлөгө да убакыт таап, жакындарыңызга жакшы сөз арноону унутпаңыз. Ал эми ден соолукка кам көрүү башкы пландарыңыздын бири болушу керек экендигин жылдыздар эскертишет.

Тараза жылдыз

Тараза жылдызындагылар үчүн эң жакшы учур күз айы болуп саналат. Күз айында буга чейин ишке ашыра албай жүргөн эски максаттарды орундаууга шарт түзүлөт. Ал иштер бат эле жолго коюлуп, сизге өз жемишин бере баштайт.  Кызматта отургандар жумуш ордун алмаштырып, айлык акылары жогорулоосу күтүлүүдө.  Жылдын экинчи жарымында таразалардын иши абдан бат өсүп, карьера жана окуу жагында өсүштөр күтүлөт.  Андыктан каражат жагынан эч кандай көйгөйлөр жаралбайт. Албетте, чыгымдар көп болот. Анын баары эс алууга жана үй-бүлөгө жумшалгандыктан, сизди ал чыгымдар кейитпейт. Ал эми жеке жашоосунда күтүлбөгөн жолугушуулар көп болот.

Чаян жылдызы

2018-жыл чаяндар үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн жылы болот. Андыктан алга, өзүңүздү көрсөтүүчү учур келди. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай колдонуп калыңыз. Эгер сиз узап бара жаткан жылы иш баштап, анын үзүрүн көрбөй калсаңыз эч кейибеңиз. Ал ишиңиз кирип келе жаткан ит жылында өз жемишин берет. Жетекчилерди  жана ишкерлерди  бардык иште өсүш гана күтөт.  Жай айларында жеке иштер менен алек болуп, кыймылсыз мүлккө ээ болууңуз мүмкүн. Бул жылы каржы жагынан туруктуулук орун алат. Жеке жашооңузда баш айланткан романдар көп болот. Бул бойдоктор үчүн жакшы болсо, үй-бүлөлүүлөргө көйгөй жаратышы ыктымал.

Жаачы жылдызы

Сентябрь, декабрь айларында жашооңузда көп нерсени өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жаңы жумуш ордун алмаштырууга же иш баштоого ыңгайлуу учур. Ушул учурду колдон чыгарбай кармап калсаңыз ийгиликке жетишесиз. Жай айларында кесиптештер арасында интрига жүрүшү мүмкүн. Сак болуңуз. Ашыкча сөз сүйлөөдөн абайлаңыз. Аны сизге каршы колдонгондор чыгышы мүмкүн. Акча маселесинде көйгөйлөр жаралбайт. Бирок чоң суммадагы каражаттар да топтолбойт. Бирок ошого карабай, жай айларында кыймылсыз мүлк иштери менен алектенсиз.

Текечер жылдызы

Ит жылы текечерлер үчүн тынчтыктын жылы болот. Жумуш ордунда да, жек жашоодо да, каражат маселесинде да эч кандай өзгөрүү болбойт. Азыркы иштеп жаткан ишиңизди улантып, тынчтыкта өмүр сүрөсүз.  Жыл ортосунан тарта каражат маселесинде көйгөй жаралышы күтүлөт.  Себеби чыгымдар абдан көбөйөт. Бул учурда жакындар жардамга келип, сизди оор кырдаалдан куткарып кетишет.

Суупери жылдызы

2018-жыл сууперилер үчүн ийгиликтын жылы болуп эсептелет. Кандай гана каалоо болбосун орундала тургандыгын жылдыздар айтышат. Болгону сиз абдан көп эмгектенишиңиз керек. Жумуш ордуңузду которушуңуз мүмкүн. Жаңы жумуш ордуңузда жоопкерчиликтүү болуп, ишиңизге тактык менен мамиле жасасаңыз, ийгилик сиз тарапта болот.

Балык жылдызы

Балыктар бул жылы өткөндү артка таштап, жаңы идеяларды ишке ашыруусу шарт.  Ал үчүн жакшы кесиптештердин же достордун жардамы керек. Сизде андай адамдар бар. Буга чейин кыялданып келген жумушуңузда иштей баштайсыз. Ал кесипти сүйгөндүктөн, баштаган ишиңизде ийгилик жаратып, мактоого татыйсыз. Бул сиздин карьераңызга оң таасирин тийгизет жана айлык акыңыздын жогорулашын камсыздайт. А эми жеке жашооңуз баш айланткан сүйүү романтикалары менен коштолот.

Жаркынай Кадыркулова 

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here