Бишкекте гепатиттин А түрү менен ооруп калгандардын саны көбөйүүдө. Республикалык инфекциялык ооруканасынан кабарлашкандай, ооруканага жаткырылгандардын жарымы жаш балдар. Балдарда сарык оорусун кантип байкоого болот, кантип алдын алуу керек, кантип өтүшкөнгө жеткирбөө жолдору боюнча адистердин кеңешин топтоп көрдүк. Бишкекте гепатиттин А түрү менен ооругандардын саны көбөйүүдө. Республикалык жугуштуу оорулардын клиникалык ооруканасынын берген маалыматына ылайык, азыркы күндө гепатиттин А түрү менен жүзгө жакын бейтап ооруканада жатат.

Мезгилдик мүнөзгөө ээ

Гепатиттин А түрү-мезгилдик мүнөзгө ээ. Көпчүлүк учурда күз-кыш мезгилинде жогорку көрсөткүчкө жетет. Жайында жугузуп алган оору күзүндө байкалышы мүмкүн. Анткени,  бул оорунун белгилери 40 күнгө чейин деле байкалбай калышы толук ыктымал. Жай мезгилинде балдар колун жуубай, тазалыкты сактабай жугузуп алышат. Анын белгилери 40 күнгө чейин, орточо эсеп менен 20 күнгө чейин байкалбашы мүмкүн. Инкубациялык мезгилде белгилери билине баштайт. Ал күз мезгилине туура келет.

Сарык гигиенага байланыштуу

Маалыматка ылайык, бул дартка көпчүлүк учурда жаш балдар кабылат. Анткени, бул оору гигиенага байланыштуу. Балдар мектеп жана бала бакчада жеке тазалыкты сактабаган учурда бат жугат. Эгерде балада алсыздык, дене табы көтөрүлүү белгилери болсо, дароо дарыгерге кайрылуусу керек. Антпесе өтүшүп кетет. Бул учурда баланын табити качат. Зарасы, заңы өзгөрөт.  Сарыкты чоңдор оор өткөрөт. Өтүшүп кеткен учурда мурду канап, боору чоңоет. Анда өзгөчө диета талап кылынат. Көбүрөөк суюктук ичүү сунушталат.

Ар бир жаран акы төлөп эмдөө алууга болот

Адистердин айтымында, мезгилдик мүнөзгө ээ болгон гепатиттин А түрүнө коомчулукта көп көңүл бурула бербейт. Бул айрым учурда өкүнүчтүү жыйынтыктарга алып келет. Гепатологдор гепатиттин А түрүнө карата вакцина берилсе, алдын алууга болмок дешет.  Маалыматка ылайык, сарыкка карата эмдөө улуттук эмдөө календарына киргизилген эмес, бирок акы төлөп ар бир жаран эмдөө алууга болот.

Самара САЛАМАТОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here