Чубак ажы үй-бүлөсүндө баары жакшы экенин айтты. Бул тууралуу ал «Марал» радиосунун түз эфиринде билдирди.

Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов буга чейин коомчулукта кызуу талкууланган экинчи ирет үйлөнгөнү жана мыйзамдуу никеси тууралуу комментарий берди. Анын айтымында, Кыргызстандын баш мыйзамында, бир гана аял менен никеге турганга мыйзам жол берет.

«Менде баардыгы жакшы, кудайга шүгүр. Ал эми бул окуяда Исламды жаманатты кылгандар бар экени маалым. Бирок, бул асманда чыгып турган айды жашырганга аракет кылганга барабар. Ал эми адам жаман болушу мүмкүн, бирок эч убакта мусулманчылык жаман болбойт. Ал эми  биз тууралуу айтылып жүргөн сөздөргө бизди жакындан тааныгандар ишенбейт. Ал эми Исламга каршы чыгып, ыйманы бекем эместер, мен аркылуу динди жаман көрсөтүүгө аракет кылышты. Бирок алардын тилеги таш капты деген ойдомун»-деп кошумчалаган.

Ал эми мыйзамдуу никесиндеги жубайынын ИИМге арыз жазганы тууралуу эч кандай комментарий берген жок.

Эске салсак, Чубак ажы Жалилов ноябрдын аягында экинчи аял алганын жарыялаган. Анын артынан жубайы Гүлнур Жалилова күйөөсүнүн үстүнөн милицияга 9-декабрда арыз жазганы белгилүү болгон.  Ал «өзүн жана балдарын жолдошунан коргоону» суранган, өмүрлүк жары аларды коркутканын, жашоосу жакшы болбой жатканын айтып буга чейин «Сезим» кризистик борборуна кайрылганы да айтылган.

Булак: Марал

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here