Негизи адамда, бет, абийир, ыйман деген болсо, ал жакшы адам болот эмеспи. Андай нерседен куру калган адамар да аз эмес. Өзгөчө саясатчылардын дээрлик басымдуусу дал ошондой адамдар экени элге белгилүү. Ал эми кыргыз саясатындагы андай саясатчылардын ана башында учурдагы депутат Кубанычбек Жумалиев деген эргул турат. Бул адам качкын, кыргыз мамлекетинин убалына калган президент Аскар Акаевдин илим чөйрөсүндөгү шакирти болгон. Акаев президент кезинде чамасы чарк немени мурдунан жетелеп жүрүп, премьер-министрлик кызматка чейин жеткирген. Тыныраак иштей албай жеке кызыкчылык иштерин иргеп олтурду.  Чынында Жумалиевдин артында былык иштери толтура. Ак эмгеги менен эмес, оной олжо менен чирип байыгандардын бири.  Ошого карабсатан уялбай ЖКда депутат болуп олтурат. Жөн олтурбастан Аасар атасын Кыргызстанга кантип алып келүү иши менен баш оорутуп, элге акыл үйрөтүп оозун чоюп жатат. Ал ЖМКга:  «Кыргыз элинин каада-салтында эгер айылдан бычакка сап мыкты адам чыга турган болсо, анда ал адамдын сөөгү сөзсүз түрдө өз айылына коюлат. Кий­ин да ошол айылдан мыкты адам чыксын деген ниетте. Ошондуктан Аскар Акаевди биз, кыргыз эли сөзсүз чакы­рып, шаң-салтанат менен тосуп алышыбыз керек»- деп «балп» этип, ачылышы жасаптыр. Акаев кыргыздын кыйын чыгааны болсо, 15 жылда чакан мамлекетибизди кыйла өнүктүрмөк. Ичкич, жегич, алсыз, эки жүздүү адам болгон үчүн мамлекетти болушунча майкандап туруп, качып кете берди.

Акаев тууралу мээсинен айнагындар гана мыкты ойлобосо, соо киши антип ойлобос. Себеби, Акаев деген 15 жылда кыргыз мамлекетин талкалагандардын ана башында турду. Алкымдарын агыткан аялы, балдарын тыя албай, тарыхтагы эң алсыз ажо болуп калды. Акаевдин буту кыргыз жерин басапашы керек. Баскан күндө баарынан мурда өзүнө жаман болот. Анын арты жакшы менен бүтпөйт. Ал эми Жумалиевге окшогон жулунган чала-саясатылар, накта кошоматчылар Акаевдин ат кошчулары болуп, алар да өз билгендерин кылып, абдан кутурганы маалым. Жооп бербей дагы эле жомок айтып келишет. Негизи Жумалиевге сыяктуулардын орду ЖКда эмес эле, былыктарын чукуп койсо, абакка бекер жолдомону дароо алмак.  Чынында акыркы кезде Акаевдин «крахабор» кадрлары Акевди алып келүү боюнча катуу чыга башташты. Булардын тизгинин тартып коюу талапка ылайык. Баса, Жумалиев кааласа, мандатын таштап, Москвага көчүп кетип, Акаев менен бирге жашап албайбы. Эки окумуштуу ошол жакта ээрчишип жүрө беришмек, бири-бирине эмрек болуп…

Сулайман Жумалиев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here