1-Бөлүм: 2-Бөлүм: 3-Бөлүм; 4-Бөлүм; 5-Бөлүм; 6-Бөлүм…

…Балам телефондон улам ойгонуп кетти. Балама алаксып кетипмин. Бир кезде балам экөөбүзгө тийип турган күндүн бетин тосуп, бир адам так маңдайым тура калды. Ал эмне болгон адам экенине таң калып, башымды өйдө көтөрүп, аны карап көргөн көзүмө ишенбей, көзүм анын көзү менен тигилип калды. Ал да мени таңкалуу менен карап туруптур. Бул адам Данияр экен. Даниярдын так маңдайымда турганына ишенбей кеттим. Кубанарымды же, кубанбасымды билбей, денемди бир аз калтырак басып, томсоро түштүм. Ал менин мындай ахыбалымды толук баамдап түшүндү окшойт. Антсе да, анын көздөрү менин баламды тиктеп туруптур. Анын абдан таңкалып турганын жаземдебей байкадым. Ал унчукпастан менин бетимден өөп жаныма жанаша олтура кетти да:

-Сенин балаңбы? – деп таңкалуу менен сурады.

Мен аны ушинтип сурайт деп күтүп жаткам, мен өзүм айта электе сурап жберди.

-Ооба, бул менин балам. Аты Бактыбек-деп баса белгилеп айттым

-Бактылуу бала болсун! Атасы ким?

-Атасы Улан…

-А. Ошондойбу. А, мен сага аябай ишенип абакта ушунчалык чыдамсыздык менен күтө бериптирмин. Сен болсо…

Ал сөзүнүн аягына чыкпай үзүп койду..Ортодо кайрадан жымжырттык өкүм сүрө түштү. Мен анын дагы эмне деп айтаарын боолголоп билип турдум. Бирок мен болгон окуяны ага кантип жеткиликтүү кылып түшүндүрүп айта алам. Деги ал эми түшүнөбү? Түшүнгөндө эми эмне, эмне пайда? Баары ордуна келмек беле. Менин мындай оюмду Данияр бузду.

-Мен абактан чыкканыма эки күн болду. Мунапсыка илинип өз мөөнөтүмдөн мурун чыктым. Үйүңө эртең барып сенден кабар алайын деп ойлоп жаткам. Буйрук, экен минтип көчөдөн жолугуп калдык.  Сен мага келбей калгандан кийин, сенин Уланга тийип кетти го деп ойлогом. Оюм туура чыкты. Бирок мен бир нерсени түшүнбөй калдым. Акыры Уланга тийе турган болсоң, мен жаткан  абакка келбей койсоң, ушунча убакыттан бери сени ойлоп эзилбей, балким үмүтүмдү үзөт белем. Абакка келбей калгандан кийин мен сени күтө берип жинди болуп кете жаздадым. Сен мени ошентип атайы жазалап жаткандай сездим. Сени түшүнүп турсам да, түшүнгүм келген жок. Азыр да түшүнгүм келбей турат.

Анын бул сөздөрү менин  жүрөгүмө теменедей тепчилип жатты. Анын мага айтылган ар бир сөзү туура. Мен айткандарынан кынтык таба албадым. Ал тургай  Колумдагы баламдын уктап калганын, көзүмдөн жаш куюлуп, анын тамчылар баламдын төшүнө таамып турганын да аңдабай калыптырмын. Баламды кымтылап, сөз баштадым.

-Данияр экөөбүздүн тагдырыбыз эки башка турбайбы. Мен мындай болот деп эч качан ойлогон эмесмин. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп, биздин сүйүүбүзгө атамдын чечими жолтоо болду. Өзүң да түшүнүп турасың, андан да тереңдетип айтканда, Уландын атасы, менин маркум кайын атамдын өлүмү да түздөн-түз тиешелүү болуп калды. Биз арбакты аттап кете албасыбызды сен менден жакшы түшүнөсүң. Маңдайга ушундай жазылыптыр эмне кыл дейсиң…

-Туура айтасың. Эч нерсе кыла албайм. Ошондой болсо мен сени дале баягымдай сүйөм. Эгер баарын өзгөртүүгө тура келсе, мен ал өзгөрүүгө даярмын-деп айтты да. Ордунан туруп басып кетти.

Чынын айтканда аны менен сүйлөшүп турган жарым саатка жетпеген убакытта мен кысылып кеттим. Ал кеткенден кийин оор үшкүрүнүп алып, жүрөгүмдөгү мурунку эскире түшкөн кайгым кайра козголуп, жанар тоодой жалындап кеткенсиди. Мен балам ойгонгончо дагы ыйлап ой кучагына термелип олтурдум. Бактыбегим ойгонгондон кийин, курсагын тойгузуп алып, алсыз абалым менен буттарымды араң шилтеп үйдү көздөй жөнөдүм.

***

Даниярга жолуккандан бери он күн өткөндөн кийин Улан келди. Анын  келиши бул ирет мени мурункудай кубанта алган жок. Ал деле көздөрүмдөгү муңайым кайгыны байкаса керек. Бирок байкаганы менен ал тууралу билмексенге салып, унчукпады. Кайын энем мага жагынуунун аракети мененби, айтор баары чекмелеп акырын сурай берет. Мен ага эмне деп, кантип чындыкты айтмак элем. Болгону кичине ооруп жүрөм деп кутулуп жаттым. Эмне максат менен экенин деле өзүм толук билип аңдаган жок окшойм.

***

Айтор баламды коляскага сүйрөп алып кеч күүгүм болуп калганына карабай баягы күнү Даниярга жолуккан паркка келдим. Кыязы, мен Даниярды дегдеп көргүм келип эле, Улан менен апама айтпастан паркка өзүм эле кетип калдым. Бул кылганыма кейиген деле жокмун. Парктын ичинде кубануу менен бараттым. Улам токтой калып, олтура калып балама бир нерселерди айтып эркелетип жаттым. Бала болсо да ал да бир нерсени сезип жаткансып көңүлү ачык. Мени  көргөн сайын эле мылжыңдап күлүп коёт. Мен балам кийип турган кийимдерди бир сыйра карап, таң кала түштүм. Үйдөн чыгып жатканда башка кийимдерди кийгизгендей болдум эле. Эми ал паркка келгенче башка кийим болуп өзгөрүп калганына таң калдым. Баса, мен Даниярга деле телефон чалган эмесмин, ал деле мага телефон чалып, жолугуушуга чакырган эмес эле. Анда эмне паркка келдим? Ким чакырдым мени. Мына ушунун баарын ойлоп, өзүмө өзүм кыжырым келип кетти. Менде деги намыс барбы? Мени эне деп коёт, кайын журту, күйөөсү бар, айтор башы байлануу келин деп коёт. Мен ушундай жыйынтыка келгенче Данияр экөөбүз жолуккан баягы олтургучка жете келдим да, көчүк басып олтурдум. Канча олтурганымды билбейм, айтор балам уктап калды. Мен чындап ойлоп көрсөм Даниярды күтүп жатыптырмын. Парктын ичиндеги бардык адамдардын көңүлдөрү көтөрүңкү,жалгыз гана менин кабагыма кар жаап тургансыйт. Айла тегерегиме көз чаптырбай, чукуранып жаткан балама алаксып кетиптирмин. Ошол кезде кайдан жайдан келгенин өзүм да түшүнбөй калдым. Айтор балам экөөбүзгө көлөкө кылып бир караан так маңдайыбызга туруп калды.  Мен аны негедир Данияр го деп ойлоптурмун. Башымды өйдө кылып карай салсам, Данияр эмес… Көргөн көзүмө ишенбей, бакырып жибердим. Менин ачуу үнүмдөн колумдагы бала чоочуп, болушунча ыйлап калды. Сизег калп, бирок мага чын ошол караан менин эчак өлдү деген кайын атам болчу. Ал капкара кийинип алыптыр. Бети башы арбакка даана окшошуп турганы менен таанылат экен. Мени тиктеп турган кызыл-сары көздөрүнөн от күйүп тургансыды. Ошол өтө коркунучтуу көздөрү менен мага заарын чачып жаткансыды. Мен андан качууга аракет кылып, баламды бек кучактап алып капталды көздөй чуркадым. Балам бакырып ыйлагынын күчөттү. Менин  болсо жүрөгүм оозума тыгылып, улам артымды кылчайып  алсыз болсом да күчүмдүн келишинче чуркап бараттым. Тиги кара караан менден калган жок. Негедир тегерек четимдеги эл-журт мага көңүл буруп да койгон жок. Алар чындап эле мени дагы, менин кайын атамды да көрүшпөгөндөй түр кылышты. Кара кийинген караан адам бир кезде жаныма жакындап келип: «Колуңдагы бала биздин тукум эмес. Сени башканын баласын багып жатасың. Эмнеге баарын алдайсың?»- деп кыйкырып сүйлөгөнү кулагыма даана жаңырып кеткенсиди.

Мен бул сөздөрдү угуп эмне деп жооп берээримди билбей калдым. Баламды боорума кысып, машине жолдон өтүп баратып кулап түштүмбү, же мени машине сүзүп кеткенин деле билбей калдым…

***

Андан ары эмне болгонун билбейм. Арадан канча убакыт өткөнүн деле ажыратып биле албадым. Болголоп көрсөм көп убакыт өтсө керек. Көзүмдөн ачуу, ысык жаштар куюлуп, тамагым кургап, өлөрчө өзөрүп калганымды сездим. Көзүмө биздин үй эмес, башка үйдүнбү, айтор башка шыптар көрүндү. Эмнеге бул жерде жатканымды деле билбей, башым дале маң болуп турду. Мен жаткан бөлмөнүн ичин жакшылап карасам, жанымда эч ким жок. Ооба, мен жаткан жер ооруканага окшоп турат. Бирок жанымда эмнеге балам Бактыбек жок. Жүрөгүм шуу дей түштү. Баламды эстей койгонума аябай сүйүнүп кеттим. Ордумдан турайын десем, дарманым жок. Болгон үнүм менен: -Бактыбек, балам! – деп кыйкырдым. Экинчи кайталап кыйкырганымда, эшик ачылып, эшиктен сакалы белине түшкөн, селде оронгон, аксакал адам кирип келди…

(Уландысы бар) Залкар Заманбеков

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here