Казакстандын Алматы шаарында болуп өткөн «Silk Way Star» эл аралык ыр сынагына Кыргыздын атынан катышып жаткан ырчы Омар 1-орунду багындырды.Бул тууралуу Омар «Лимон кж» сайтына өзү маалымат берген.

«Бул жылы мен шайлоонун астындагы үгүт иштеринен жанан күзгү тойлордон баш тартып  «Silk Way Star» сынагына  катыштым. Кудай колдоп биринчи орунду алдым. Сынак абадан кызыктуу болду. Мени кыргыз элим, досторум, ата-энем, келинчегим Диана колдошту жана казак эли бизди абдан жакшы тосуп алды»- деген ырчы.

Белгилүү болгондой сынак 12 этапты камтып, 3 айга созулган. Ага Кыргыз өлкөсү, Казакстан, Азербайжан, Түркия, Грузия, Башкортостан, Татарстан, Өзбекстан жана Тажикстан болуп жалпысынан 9 мамлекеттин атактуу ырчылары ат салышкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here