Сапар Исаков кечээ күнү  жол коопсуздугун сактоо боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйынында   Транспорт жана жолдор министрлигине кылмыш ишин козгоо боюнча тапшырма бергенин ачыктады. Буга себеп Транспорт жана жолдор министрлигинин жетекчилиги оор жүк ташуучу унаалардын салмагын текшерген электрондук тараза орнотушканы менен анын натыйжасы жакшы болбой жатканы, Транспорт министрлигине ишенүү кыйын болуп калганын себеп болгон. Ал бул маселе боюнча: “Унаалардын салмагын көзөмөлдөөнү министрликтен алып, жеке компанияларга берүү керек. Биз алардын көрсөткөн кызматы үчүн төлөп беребиз, калган акча бюджетке түшөт. Бул ишти сен аягына чейин чыгарам, билип койгула”, – деген мүдөсүн айтты. Бул жагы канчалык деңгээлде эфективдүү болот, аны убакыт көрсөтөт деңизчи. Себеби, жеке компаниялар коррупцияга аралашпайт деп ким кепилдик бере алат? Эч ким кепилдик бере албайт. Андыктан, бул багыттагы коррупцияны азайтуу абдан оор.

Ал эми Транспорт министри Жамшитбек Калиловду бул тармакты укмуш билет деп абдан мактап алып келишти эле, иштегенине кыйла болуп калганы менен, жалпы иши жакшы эмес. Бир сөз менен айтканда чабал министрлердин бири болду. Ошол жолдордогу коррупцияны көзөмөлдөөгө алы келбеди.  Ал жөнүндө кеп-сөздөр, ар кандай мыйзамга туура келбеген иштерди тар чөйрөдө байма-бай айтып жүрүшөт. Андыктан ошолордун баарын иликтеп, ачыктап туруп, ага мыйзамга ылайык кылмыш ишин козгошсо болмок. Маселен, Жамшитбек мырзанын Сасновка жакта кандай бизнеси, ал бизнес кандай жол менен пайда болгону тууралу көп сөздөр бар. Министрдин ал бизнесин өкмөт, жалпы эле жогорку бийлик билип, көрүп турса да, унчукпай келет. Эмнеге? Бул жагы табышмак. Балким жакын арада баары ачыкка чыгат…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here