Колдогон кожолору күчтүү, бирок өзү  начар кадрлардын катарына кирген Алина Шаикова деген айымдан кутулганына коомчулук кубанып калды эле. Эки-үч жылдан бери бул айымдын аты-жыты билинбей эле калган. Көрсө кайрадан чоң кызматка келүүгө кам уруп жүргөн экен. Атагынан чатагы арбын бул айымды премьер кечээ күнүн Каржы министрлигинин алдындагы «майы» чылпылдап сызгырылып турчу Мамлекеттик сатып алуулар боюнча департаменттин ана башчысы кылып дайындап салды. Белгилүү болгондой 46 жаштагы Шаикова 2012-жылы Каржы министринин орун басары болгон, андан келип Мамлекеттик Каттоо кызматын бир жылга жетпеген убакыт башкарды. Бул айымдын ошо Мамкаттоону башкарып турганда далай «өнөрү»  чыгып,  жоопту кызматка такыр жөндөмү жок экени билинип, коомчулук тарабынан катуу сындарга кабылган. Төрайым болуп турганда Мамкаттоодогу тажыйрбасы мол, белдүү адистердин бир тобун кызматтан  кубалган, коррупциялык схемаларды тыймак турсун күчөткөн, ошондой эле жасалма паспорттор көп чыгып кеткен. Жумуштан алыган адисттер Шайикованын далай өзүм билемдиктерин, мыйзамсыз иштерин ЖМКлараг байма-бай ачык айтып жүрүштү. Бирок экс-президент аны канатына калакалап койду окшойт. Айтор эч жооп берген жок.

Дагы бир мисал: ошол кезде ИИМди жетектеп турган генерал-майор Мелис Турганбаев Мамлекеттик каттоо кызматынан  кыска убакытта 30 миң жасалма паспорт жасалганы жар салган. Шаикова болсо анын баарын четке кагып, ар шылтоону айткан. Ошентип, төрайым болуп накта төр мүнөзүн көрсөтө берип, акыры төө бастыга алынып, кызматтан айдалган. Эми ушундай ишке жөндөмү жок кадр кайрадан май-талкандуу жерге барды? Майкандамай башталабы? Кыязы, Шаикова бул шайлоодо буларга катуу эмгек кылып берсе керек…

Бизде кой иштей албайм деп өз деңгээлин билип калуу деген жок. Жанталашып киши салып, кызматка жулуна беришет. Бир сөз менен айтканда Шаикова ишенимди актай албайт, тескерисинче ишти аксатып, дагы көп сындарга кабылышы толук мүмүкүн. Анткени, министрликтин алдындагы бул департамент башынан коррупциялашкан департамент болуп эсептелет. Ошондой чатак жерди тазалоого Искаков мырзанын тапкан кадрын кара? Мындайда таппасаң сыйпалап кал дечү беле…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here