Ньюфаундленддеги Мемориал университетинин окумуштуулары гриппке эркектер аялдарга караганда көбүрөөк кабыларын жана анын себептерин айтып беришти. Бул туурасында РИА Новости The BMJ журналына шилтеме кылып жазды.

Канаданын аймактарындагы үй-бүлөлүк медицинанын профессору Кайл Сью респиратордук инфекцияларды эркектер менен аялдар кандай кабылдаары тууралуу арбын эмгектерди окуп чыккан. Окумуштуу эркектердин иммунитети аталган илдетке алда канча оңой алдырарын таап чыккан.

«Күчтүү дегенибиз менен алардын иимунитети респиратордук оорунун алдында алсыздык кылат да, аялдарга караганда гриппке көп чалдыгат. Кээде каза болуп калган учурлар кездешет», — деп жазган Сью.

Мемориал университетинин окумуштуулары эмне үчүн мындай айырмачылык болорун түшүндүрүшкөн. Аялдардагы эстроген гормону организмдеги клеткалардын вирусун бир топ натыйжалуу төмөндөтсө, ал эми «эркек» тестостерон иммунитеттин реакциясын төмөн түшүрүп жибергени анык болгон.

«Гриппке каршы эмдөөнү аялдар тез кабыл алары аныкталды», — деп жазган окумуштуу.

Илимпоз мындан сырткары, алар ооругандан кийин кыз-келиндерге караганда кеч айыгарын айткан.

Булак:sputnik.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here