Чагылган: Баткен облустук Апас Жайнаков атындагы музыкалык драма театрынын бир катар кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Кылмыштуу иштин чоо-жайы мындай: аталган театрдын директору 2014-жылы С. Р.  аттуу адамды жумушка алып, аны театрга бухгалтер кылган. Бирок иш жүзүндө ал адам театрда бир да күн иштеген эмес. Ал башынан эле кесиби боюнча аскердик тармакта иштеп жүргөн. Натыйжада театрдын бир катар кызматкерлери 2014-2016-жылдары ага эсептелген айлыктардын баарын алган. Ошондой эле өткөн жылы жана быйыл 2 млн. 285 млн. сомдук сый  акы жана метериалдык жардам да театр кызматкерлерине мыйзамсыз берилип кеткен.Ошентип, аталган  театрдын 3-4 жылдан берки миллиондогон сумманы чапчыган  коррупциялык иши ачыкка чыкты. Жан дили бай, таза делген адамдарга эми кандай жаза берилет, аны жакында билебиз…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here