—Эрмек мырза, Мамлекеттин өнүгүүсүнө бут тосуп, ар кандай ызы-чууну жакшы көрүшкөн бейөкмөтчүлөр боюнча кандай ойдосуз?

—Мына ошондон улам да биздеги жанагы бейкмөтчүлөр (НПО) өз билгенин кылышып, сырттан алган акчалары менен кутуруп жатышат. Алар президенттен баштап ар кимди  каалагандай сындашат. Ошондой ниети бузуктардын тизгинин  тартып, аларга өз учурунда  чара көрбөсө болбойт. Маселен, ал экс-президентти эмне деп гана сындашкан жок. Американын же башка бир мамлекеттин акчасына өз элин, элибиздин кадаа-салт, улуттук баалуулуктарын мынчалык катуу сындап, жокко чыгаргылары келген андай шумпайлардын камчы менен тилдерин  үзө чабуу керек. Жакшылык түшүнүшпөйбү, аларга ушундай катаал мамиле керек. Элибиз акыркы 6 жылда митинг, ызуу-чуудан такыр пайда жок экенин туура түшүнүп билди. Азыр элди эч ким алдай албайт. Өлкөбүздө экономикалык өсүш болуп жатат. Бир мисал айтайын, алты жыл ичинде бизде 35 пайыз девольвация болду. Ал эми Казакстанда 200 пайыз болду. Казактарда мурун 1 доллар 148 теңге эле, азыр 400 теңгеге жетти. Мына экономикалык өсүштү, айырманы ушундан улам билсең болот.

Ишкер катары айтсаңыз, акыркы жылдары ишкерлик кылууга мамлекет бир топ жеңилдиктерди берип, жакшы эле колдоп келет. Ишкерлик кылууга дагы эмне жетишпейт?

—Туура, акыркы 6 жылда ишкерлик кылган адамдар мамлекеттен чоң колдоо алышты. Мамлекет ишкерлер үчүн бир топ текшерүүлөрдү кыскартты, айрым салыктардан бошотту ж.б. Бирок бир гана нерсе жасалбай келет Ал биздин каныбызга сиңип калган – бюрократия маселеси. Кайсы жерге барбаңыз, ошол жерде бюрократия бар.Бир жерден 5 мүнөттө эл кагаз алып, же кагазыңа кол койдуруп чыгып кете турган ишиң айрым учурларда 5 күнгө  созулат. Анан бир кабинеттен эле бүтө турчу жумушту созуп, ар кайсы кабинетке сүйрөшөт.  212-кабинеттен чыксаң, 215ке кир дешет. Ал жактардан «Ассаломалейкум» деп колду бекем кыспасаң, иш бүтпөйт. Мунун баары ишкерлерге болгон тоскоолдук. Бардык ишти, документтерди бир эле кабинеттен бүтүрө тургандай шарт түзүү керек.  Бул жагы такыр эле мурункудай турат деп айта албайм, жылыш бар. Дагы алдыга жылдыруу зарыл. Кээ бирлер ушундай бюрократиянын азабынан ишкерликтен баш тартып койгон учурлар болот. Мамлекет, жаңы келген президентибиз ушул маселени катуу көзөмөлгө алып койсо, абдан жакшы болот эле. Бизде ишкерлер канчалык көп болсо мамлекетке ошончо пайда. Себеби, мамлекетке салыкты чиновниктер эмес, дал ушул ишкерлер төлөшөт. Ошондуктан, ишкерлерди дагы да колдоо керек. Чынында бизде бай адамдарга бир аз башкача көз караш бар. Чиновник болсо деле, ишкер болсо деле  анын бир аз байлыгын билип калса, чиновник экен деп ойлошот. Ушул себептен, байлыгын ачыкка чыгарбай, шалдырап бир жаман машинаны минип алып жүргөндөр да толтура. Бул атмосфераны да өзгөртүшүбүз керек. Элибиз бай болгондон коркпошу керек. Ошол бай болуп алып коркуп, байлыгын элден жашырып, бирок башка мамлекеттерге барып, укмуш эс алып жүргөндөр да толтура.

Негизи ишкерликти өнүктүрүү үчүн өкмөт ар бир облуска инвестиция тартуу, ошол облустардын шартына ылайыктап ишкерликти өнүктүрүү боюнча иштерди колго алышы керек. Мына ошондо гана анын натыйжасы болот!

—Бийликке жалаң демилгелүү жаштар келип жатат. Элибиз алардан чоң үмүт кылып турат. Сооронбай Жээнбеков же, Сапар Исаков сизди да бир жооптуу кызматка чакырса барасызбы?

—Мен эч качан чиновник болгум келген эмес жана мындан ары деле болоюн деген оюм жок.  Мындан эки-үч жыл мурун мага бир кызмат сунушташкан. Бирок мен баш тарттым. Элге жардам кылуу үчүн сөзсүз эле чиновник болуш керек эмес. Мисалы, дыйканчылык кылып, ошол алган түшүмүңдөн жок дегенде 2-3 мүшөк  кылып муктаж адамга берип койсоң ал дагы жардам, ал дагы эмгек. Ар ким өзүнүн колунан келген ишти жасашы керек. Мисалы, мени  министр кылып коюшса, мен ал жерге иштей албайм. Анан элди да, өзүңдү да кыйнап, уят болуп эмне кереги бар. Ишти кыйратпаган неме акыры жүрүп коррупционер болот да туурабы? Биздин бир кемчилигибиз ушул да, колунан келбегендер жооптуу, чоң кызматтарга  жулунуп жатышпайбы. Жакшы иштеп берсе го бир жөн, ишти билбегендер мамлекет үчүн эч кандай пайда деле алып келбейт да.  2015-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенге аракет кылгам, бирок болбой калды. Алдыдагы шайлоолордо да бул жагын байкап көрөрбүз. Эми ал жагын убакыт көрсөтөт. Негизи мен депутат болуп, элдин көйгөйүн тереңден айткым келет да. Жогорку Кеңешке эмне үчүн депутат болуп баргым келгенин деле ачык айта кетейин. 25 жылдан бери бизде ар кайсы кызматтарда иштеп, бирок эч нерсени кыйратпай, «чирип» калган саясатчыларга ЖКда депутат катары беттерине айтайын дегем. Мисалы, Кулов баштаган бир катар карт саясатчылар бизде көп. Алар дагы деле ар кайсыны айтып, элдин башын оорутуп жүрүшпөйбү. Уялышпайбы. Болду да эми. Кызмат атасынан калган кызмат эмес да. Жок дегенде башкага орун бошотуп беришпесе да,  балдарына орун беришпейби. 25 жылдан бери чоң саясатта жүргөн карт саясатчылардын эң жакшы билген жумушу- бул коррупциялык схеманы түзө алышат. Азыркы өкмөткө бут тоспошу керек. Сындагандар болуп жатпайбы,  30 жаштагы министр эмнени кыйратмак эле дешип. Буга чейин 60тагы министрлер, чоң саясатчылар эмнени кыйратышты? Мына ошондой алдым-жуттумдардын талкалап койгон көп бөлүгүндөгү иштерди жаштар ордуна коюп келатат.  Кудай буйруса, өкмөттүн иши жакшы башталды. Дагы көп нерсени күтсөк болот.

Бишкек шаарында кандай өзгөрүү болуп жатат? Сиз эми сыртта 20 жыл иштеп, жашап келгенсиз. Сизге бул жагы жакшы байкалып жатса керек?

—2013-жылы Бишкекке келгенде  шаарыбыз акыр-чикирден көрүнбөй калган. Акыр-чикир көчөлөрдө тоо-тоо болуп жатканын көргөнбүз. Шамал болгондо шаар укмуш эле болуп калчу эмес беле. Азыр мына шаар кыйла оңолуп, алдыга жылыш жакшы эле болуп жатат.  Тазалык талапка ылайык, жарык маселеси сонун эле болуп калды,  жолдор заңгырап салынып, кошумча көчөлөрдү да ачып жатышат. Бул иштер көзгө көрүнбөсө, анда билбейм эмне деп айтышты. Ошого карабастан шаар мэрин да ар кайсыны айтып сындап жатышпайбы.

Маектешкен: Айбек Шамшыкеев.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here