Мурунку Финансы полициясы, азыркы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Замир Осмоновдун күжүлдөп иштеп жатканы,  же кээде  алгыр тайгандардай болуп коррупционерлерди “тиштеп” жатканы эч эле билинбейт. Эл деле билет. Шадиев депутат кезинде Атамбаевге катуу жакты. ЖКда Эл аралык комитетти башкарып турганда протоколго ылайык деп Атамбаев менен чет мамлекеттерге бир нече жолу чыгып, учак ичинде экс-ажонун кулагын ушалып, айрым адамдарды майлуу-сүттүү кызматтарга дайындатууга жетише алган. Ошондой иш-сапарлардын биринде эбин таап эки жеген Шадиев өзүнүн жердеш иниси бир чети шакирти катары таптап жаткан  (ошол кезде Салык кызматын жетектеп жаткан) Замир Осмоновду Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси кылып дайындаткан. Андан бери эки-үч жыл өттү. Осмонов ыйгарым укуктары күчтүү чоң кызматты жетектеп турганы менен чоң кылмыштуу, коррупциялык иштердин бетин ача алган жок. Кыскасы, эт менен челдин ортосунда. Негизи Салык кызматы “абдан” майлуу деңизчи, бирок Шадиев Осмоновду Экономикалык кылмыштарга каршы кызматына алып барып, ал аркылуу далай кылмыштуу иштерден жакындан кабар алып, далай санаалаштарынын былык иштерин көрүп, билип турууну көздөгөн десек болот.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here