Атаганат, мамлекетибиз спортко чындап көңүл буруп, жетиштүү каражат которуп турса, бизде-кыргызда дүйнөнү дүңгүрөтүп турчу таланттар көп чыкпайт беле. Айылдарда не деген гана таланттар жок, футболитсттер, хоккеисттер, тенисчилер, күрөшкөндөр, боксерлор… Алар жаш кезинде мыкты чыгып келатып эле, кийин материалдык жактан кемип, кара курсактын түйшүгүнөн андан ары спорттук жолун уланта албай калышат…

Кыргыздын атын дүйнөгө тааныткан Каныбек Осмоналиев, Сатымкул Жуманазаров, Талант Дүйшөбаев сыяктуулар бар, алар аябай эле аз. Бул макала кыргыздын дүйнөнү дүңгүрөткөн таланттуу гандболчусу Талант Дүйшөбаевдин баскан жолу жөнүндө болмокчу. Албетте, ал жөнүндө толук маалымат берүү бир китепке сыйбас, бул макалада анын турмушундагы кээ бир көрүнүштөр кыска  баяндалат.

Талант Дүйшөбаев 1968-жылы Фрунзе шаарында туулган. Ал кенедейинен баскетболго кызыгып, бирок, баскетболчу болбой калган. Анткени, үйүнө жакын жерде баскетбол секциясы жок экен. Үйүнө жакын жерде Валерий Захарчук жетектеген гандбол секциясы бар экен, анан Талант гандболго катыша баштап, бат эле ошол спортко берилип калат. Ошондо Талант 11 жашта болот. Ал 14 жашка келгенде гандбол боюнча СССРдин өспүрүмдөр курама командысында ойной баштап, 19 жашка келгенде Москванын жанындагы шаарларынын бириндеги «Искра» командасында ойной баштайт. Андан эки жыл өткөндөн кийин мындай чыгаан гандболчуну байкап-баалаган ЦСКА командасынын тренерлери аны командасына алат, дароо эле СССР курамасына да алынат. Бир мүнөздүү, тажабай машыккан, анан да бою 183 сантиметр келген аябагандай таланттуу жигит көз жаздымда калмакпы, тренерлердин да, оюнчулардын да урмат-сыйында болот. Орустардын жарандыгын алат. Курама командада бир жарым жылдай ойногондон кийин ал капитан болуп шайланат. СССР курама командасында мыкты ойноо, ага капитан болуу ал кезде жомоктогудай окуя болчу да! Кыргыздын уулу СССР курама командасына капитан болуш дегендин өзү жомок эмей эмне!

СССР ыдырагандан кийин Талант Дүйшөбаев Испаниянын «Сантадера» клубунда ойной баштайт. Бул команда Талант келгенче ортодо жүргөн команда болсо, ал келгенден бир жылдан кийин аталган клуб Испанияда лидерлердин арасында болот, Талантты жергиликтүү эл кумир тутуп, аябай жакшы көрүшөт. Ошондо аны Испаниянын курама командасына чакырышат. Курама командада ойноо үчүн ал өлкөнүн атуулдугун алыш керек эле.  Ошондо Талант колуктусу Ольга менен кеңешип Испаниянын атуулдугун алууну чечишет. Ал көп  жылдар бою Испаниянын «Реал Сьюдад» командасында ойнойт. Ал командада Талант Испаниянын кубогун да, чемпиондугун да жеңип алган.

Талант 28 жашка чыкканда тренер болууну чечет да ойноп жүрүп эле гандболдун испандык академиясында окуй баштайт. «Сен баарын билесиң, окубай эле, окутканга жарайсың, анан эмне окуп жатасың?» дегендерге «окугандын зыяны болбойт» деген тура.

2005-жылы Талант Дүйшөбаев активдүү спорттон кетем деп чечет. Анын урматына «Реал Сьюдад» менен дүйнөлүк курама команда беттешип, ал оюнда Талант 8 топ киргизет. Анан оюн талаасынан аны урматтоо менен көтөрүп чыгышат.

Ошол командада тренер болуп иштей баштаган кезде, команданын алдыңкы оюнчуларынын бири жаракат алып калып Талант оюндагы тренер болуп кайрадан оюн талаасына чыгат. Анан биртоп жыл ойногондон кийин 39 жашында оюнчулугун токтотот.

Талант Дүйшөбаев 2003-жылы ХХ кылымдын экинчи гандболчусу болуп тандалат, биринчи швед Магнус Висландер, үчүнчү Россия курамасынын дарбазачысы Андрей Лавров болуптур.

Таланттын эки уулу бар: улуусу Алекс 1992-жылы, Даниэль болсо 1997-жылда туулган.

Эки баласы топту көргөндө көздөрү жайнай түшөрүн көрүп жүргөн Талант экөөнү тең тааныш тренерине берген. Ошентип эки баласы тең Испаниянын атактуу гандболчуларынан болду. Алекс адегенде испан командаларында ойноп жүрдү, учурда Македониянын «Арагон» командасынын оюнчусу. Бул командада өткөн жылы 198 топ киргизиптир. Алекс Дүйшөбаев Испания курама командасынын да активдүү оюнчусу.

Даниэль болсо, «Барселонада» ойногон, 2016-жылы «Атлетико Вальядолид» командасында ойноп, Испаниянын чемпиону болгон. Азыр Даниэль Польшанын «Вильве» командасында ойнойт.

Таланттын эки баласы тең Испанияны мекенибиз дейт, алар католик дининде. «Биз толеранттуулуктун жакшы мисалабыз,-дейт Талант Дүйшөбаев,-мен мусулманмын, аялым христианка, уулдарым католик. Биздин бүлөдө эч  ким өз динин жогору койбойт».

Талант Дүйшөбаев азыр Польшанын Кельце шаарынын «Вильве» командасынын жана ушул өлкөнүн курама командасынын тренери.

Мурунку президент Алмаз Атамбаев Талант Дүйшөбаевди экинчи даражадагы «Манас» ордени менен сыйлаган. Кыргызды далай жерге тааныткан таланттуу гандболчу аталган сыйлыкка татыктуу.

Даярдаган Баратбай АРАКЕЕВ                                        

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here