Чагылган: Вицелик кызматтан «учуп» түшүп, бирок  Кыргызстандагы эң «майлуу», эң  коррупциялуу, Мүлк фондусуна директор болуп калган Текшербек аксакалдын баласы Дүйшөнбек Зилалиев барган жеринин баарын чаңдатып, «бардак» кылганга жедеп көнүп алды көрүнөт. Ал кен тармагын тейлеген агенттикти узак убакытка башкарып турган кезде кен байлыктарды иштетүү боюнча  лицензияларды ар кандай жолдор менен бир катар чет элдик компанияларга бергенге чоң салым кошкону айтылып келет. Ал жактагы мыйзамсыз иштери деле бир кезде калкып чыкса керек. Ал эми вице кезинде болсо Кумтөрдөгү эки мөңгүнү мөгдөтүп, таптакыр талкалоого чоң салым кошту. Ошол байыркы бабаларыбыздын доорунан бери былкылдабай, сары майдай сакталып келген  касиеттүү мөңүлөрдүн деле кусуру бир катар атка минерлерди кези келгенде урса керек.

Ошентип, Мүлк фондусунун башына келген Зилалиев  креслого отуруп-олтура электе эле мамлекеттик мүлктөрдү мүлжүүгө активдүү киришкени байкалып турат. Биринчи кезекте бир канча жылдан бери сатылбай, баасы барган сайын арзандап жаткан, күн сайын алтын жумуртка тууп берип келаткан  «Мегакомду» ары бери сатып, көзүн тазалоо болсо, экинчиси айтылуу «Дастан» заводун да мамлекеттен ажыратуу планын иштеп жатканын да жазып чыгышты. Бүгүн болсо Дүкөңдүн  минип жүргөн кызматтык автоунаасы (үлгүсү Лексус 570) Кыргызстанда кен тармагы боюнча иш жүргүзүп келген  (жаңылбасак «Тунлин» деген) компанияга таандык экен. Муну Зилалиев биринчи жолу ЖМКлардан окуп, билгенин айтып, жаш баланы алдап жаткандай сүйлөп, боорду эзди. Анчалык «тупой» жетекчи болбосо, өзү күндө минип жүргөн, айдатып жүргөн өтө кымбат баалуу машиненин чоо-жайын сурап билип, тактап алат эле го. Бул жагы кандайынан алганда да эч бир чындыкка коошпой турат. Бул машиненин баяны Зилалиевдин Кытай комапниялары менен болгон кандайдыр бир сол иштеринен  кабар берип турганы айтылат. Демек, бул жагы реалдуулукка жакын.

Эске сала кетсек, Транспорт жана коммуникация министрлигин жарым жылдай жетектеген Замир Айдаровдун да кызматтык кымбат унаасы Кытай компаниясына таандык экени ачыкка чыгып, ал боюнча да чуу чыккан. Ошондон улам Айдаров кызматынан айдалган. Кыскасы, бул маселе боюнча Зилалиевдин машинеси боюнча чатак иштин чоо-жайын терең иликтөө зарыл. Демейде, ЖК депутаттары болбогон маселелер үчүн депутаттык комиссия түзүп чуулдап жатып калышчу эле, азырынча  унчугуша элек. Же Текшербек акскалдын баласын, бул бийликтин «тарпедосун»  ушунчалык аяп жатышабы?

Баса, бул атка минер жаны президент ант берген куну  «Манас көчөсунө бомба коюлган деген»  жалган маалымат боюнча козголгон кылмыш ишинде  баш каармандын дал өзу болуп, учурда кызуу талкууга алынууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here