Кыргыз Эл артисти, белгилүү актриса Жамийла Сыдыкбаеванын жалгыз кызы 40 жашында каза болгону маалым болду. Айтылуу актрисанын кызы инсульт алган. Акыркы 12 жылдан бери ооруп жаткан. 3 жыл мурун операция болуп, анын натыйжасында жакшы боло албай, төшөккө жатып калганы айтылат. Маркум кыздын атасы КРнын Эмгек сиңирген артисти  (1939-1992-жыл) Имаш Эшимбеков. Эшимбеков 1966-жылы залкар актриса Таттүбүбү Турсунбаева менен баш кошкон. Андан Асел жана Канат аттуу балдары бар. 1975-жылдары Таттүбүбү эжебиз менен ажырашып, Ошко кетип, ал жактан Жамила Сыдыкбаеваны алган. Андан 1977-жылы кыздуу болгон. Эми ал кыз арабызда жок. Ал дагы КРнын Эмгек сиңирген артисти Марат Козукеев жерге берилген күнү акыркы сапарга узатылды. Жамила эжебизге кайрат айтып, чың — ден соолук тилейбиз! Кызыңыздын жаны жанатта болсун!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here