Биздин саясатта, жогорку бийлик бутактарында көптөгөн нерселер  Теңирден тескери болот. Бул эми сасык  саясаттын табияты ошондой экен. Бирок ошондой экен деп ошого макул болуп, кайдыгерликке салбай, андай  акылга сыйбаган ашмалтай иштерди коомчулукка жеткизип, негизги чындыкты жеткирип тууру ар бир журналисттин милдети. Жогорку Кеңеште бүгүн да элдин кыжырын кайнатып, жерге түкүртө турган иш болду. Белгилүү болгондой  ЖКда ондон ашуун депутаты бар «Бир бол» фракциясынын дээрлик баардыгы Кудайдан жөө качкан,  учурунда жоопту кызматтарда жүрүп, кыргызга кыянатчылык кылышкандар. Алар: Акылбек Жапаров, Игорь Чудинов деп санасаң тизме уланып кете берет. Ошондой калбыры  калыңдардын бири «Бир болчу» Аскар Шадиев аз күн мурун өкмөттүн биринчи вице-премьер министри болуп кетти. Бул да бир акылга сыйбаган көрүнүштөрдүн бири. Ал буга чейин ЖКда Эл аралык иштер боюнча комитетти жетектеп келген. Эми анын ордуна Кыргызстандагы эң белгилүү «коррупционерлердин» бири, тагыраагы коррупциялык иштерге түздөн-түз шектелип, убагында кылмыш иши козголуп, бирок депутаттык мандаты менен суудан кургак чыгып кеткен Искак Пирматовду шайланды. Пирматов Бакиевдин тушунда «Кыргызнефтигазды» жетектеп турганда 260 млн. сомду жеке кызыкчылыгына пайдаланганы ачыкталган. Бул эми билингени эле, билинбегени мындан да көп экени айтылып жүрөт. Мына ушундай адам ЖКда Эл аралык иштер,коргоо жана коопсуздук комитетти башкарып, Кыргызстандын тышкы саясатын жүргүзүүгө укук алып жатат. Анан калса, протокол  боюнча көп учурда президент менен чет мамлекеттерге бирге барат. Шадиев деле ушул комитетте иштеп турганда  Атамбаев менен сыртка көп учуп, анын колтугуна кирип, жеке кызыкчылыгындагы көп маселени чечип келген. Эми президент Сооронбай Жээнбековду таза эмес, «коорупционер» Пирматов  башка мамлекеттерге барганда колтуктап, анда-санда акыл айтып, жеке маселесин чечет. Чынында Пирматовдун орду ЖКда эмес, абакта болчу. Буга Соке ажобуз  кандай карайт болду экен? Коррупционерлерди тазалайм деген ким эле?

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here