Чагылган: ИИМ министри Улан Исраиловдун «ою жакшы» орун басары Данияр Абдыкаров менен Бишкек ШИББнын жетекчисинин орун басары Мирлан Муктаров экөө кол алдындагы милиция кызматкерлерин акча чогултуп, «отметка» кылууга мажбурлап жатышканын «24.kg» маалымат агенттиги жазып чыкты. Кызматкерлер бул боюнча арызды министр Улан Исраиловго жазып, кайрылышкан. ИИМдин бул «лөк» атка минери кызматкерлерге баш ийишпесе кызматтан ала турганын айтышканы айтылат. Бул маалыматка чынында ким ишенбейт? Анткени Абдыкаровдун ИИМди талкалап, өзүнчө бир «ажыдаар» болуп жатканы эчактан бери айтылып жазылып келатат. Ал болсо айткандар айтып, жазгандар жаза берсин деп кол шилтеп, өз билгенин кылып келаткандай. Анан уялбай Атамбаев ушундайларды генерал кылып кетти. Элибиздин эле шору экен да… ЖМКларга мына ушундай коррупциялык маалыматтар жайнап чыгып жатса министр Улан Исраилов эмне кылып, каякты карап олтурат? Деги мен бармын деп, бир, эки жолу үн катып койсо болбойбу, жок дегенде…