Рысбек Мирзаматов

2016жылдын этегинде ошол кездеги өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Ооган согушуна катышкандардын жалпы тизмесин тактап текшерүү боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Эми ошол комиссиянын жыйынтыгы чыгып, коомчулукка ачыктала баштады. Белгилүү болгондой Ооган согушу 1979-1989-жылдары болгон. Ага Кыргызстандан жалпысынан 7000ден ашуун адам катышып, 250дөн ашуун жоокер каза тапкан. 4-5 жоокерибиз дайынсыз жоголгон. Учурда Кыргызстан боюнча Ооган согушунун ардагерлеринин саны 6 миңдин тегерегинде. Бирок акыркы жылдары белгилүү болгондой бул согушка катышпаган ондогон адамдар жасалма документтер менен ооганчы ардагерлерге ар кандай жардамдарды, бир катар жеңилдиктерди, эң башкысы өкмөт тарабынан ай сайын берилип келген 6 миң сомдук пенсияны алып келишкен. Аталган комиссия айрым шек жараткан ооганчы ардагерлердин документтерин Орусиянын Коргоо министрлиги менен Чек ара кызматынын архивдери аркылуу текшеришкен. Жыйынтыгында Кыргызстан боюнча 159 өзүн ооган согушунун ардагери катары эсептеп жүрүшкөн адам он жылга созулган согушка бир күн да катышпаганы ачыкка чыккан. Алардын документтери республика боюнча 21 бир райондук аскер комиссариаты тиешелүү тарапка жөнөткөн.

Эки генералды генералдык чинден ажыратуу зарыл

Эң кызыгы бул 159 адамдын арасында  Рысбек Мирзаматов деген бир генерал-майор бар экен. Бул  адам өз өмүр баянында 1983-1985-жылдары Түркмөнстандын Иолтань деген шаарында болуп, 1984-1985-жылдары Ооган согушуна катышкан  деп көрсөткөн. Бирок иш жүзүндө эч качан согушка катышкан эмес. Муну Түркмөнстандын Коргоо министрлиги да тастыктаган. Көрсө, Мирзаматов деген генерал кургуруң 2004-жылы түштүктө, тагырагы Жалал-Абаддын башкы аскер комиссары болуп турган кезде, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өз өмүр баянын кооздоп, согушка катыштырып, өзүн-өзү баатыр кылып койгон.

Бул генерал Бакиевдерге абдан жакын болуп, 2008-2010-жылдары Чек ара кызматынын башчысынын орун басары, Коргоо министринин орун басары кызматтарын аркалаган. Генералдыкка деле кандайча татыктуу болгону мына ушундан эле байкалып турат. Көрсө, бул адам биринчи орунга абийирди эмес, кызмат менен атакты койгондордун бири турбайбы. Ушундай генералдардын бири  Нурдин Чомоев экен. Бул генералдын жердиги Чүйлүк экен. Ал дагы өзүн согушка катышканмын деп, ардагер болуп алган. Бирок Ооган согушуна катышкан эмес. Чомоев да аскер тармагында чоң кызматтарда жүрүп, генералдыкты алган баркы жок генералдардын бири. Маселен, Мырзакан Субанов  министрликтен кеткенде, Топоев дайындалганча, 4 күн КРнын Коргоо министринин милдетин аткарган. Андан кийин Коргоо кеңешинде, Чек ара кызматтарында  орун басар болуп эмгектенген. Эми ушунун аркасы менен экөөнү тең генералдык наамдан ажыратуу талапка ылайык болоор эле.

“12 жаштагы Сарыбаев, 15 жаштагы Аманкулов Ооган согушуна катышып…”

Бул генералдардан тышкары, Марат Аманкулов деген прапорщикти мисалга тартсак болот. Ал 1974-жылы туулган. Ток этер жерин айтканда Ооган согушу бүткөн кезде 15 жашта болгон. Бул эч нерсе эмес, Аманкуловдон  өткөн дагы бир шылуун жумурымбек  бар экен. Анын аты Дамир Сарыбаев. 1977-жылы туулган. Милициянын старшинасы. Бур эргул Аманкуловдон ашып өтүп, жалган кылып жасатып алган документи боюнча 12 жашында эле Ооганстандагы кан күйгөн “согушка катышыптыр”.  Мына ушуга карабастан уялбай туруп Марат менен Дамир  жалган документ менен өздөрүн  Ооган согушуна катыштырып, акча алып жүрүшкөн.  Ошол Ооган согушуна чын эле катышып келгендерге берилип жаткан бир аз акчаны, жеңилдикти алууну максат кылышкан генералдар менен офицерлер аман эле болсун!  Өздөрүн жалган баатыр кылгандардан ашкан наадандар барбы, бул дүйнөдө. Акмакчылыктын жеткен чеги.  Мына ушундай жалганчы офицер-генералдарга бир айда мамлекеттик бюджеттен  миллионго жакын акча бөлүнүп, жылына 11,5 миллион сом сарпталып турган. Ошентип, 2010-жылдан бери эсептегенде алар мамлекетти 80 млн. сом зыянга учуратышкан. Демек, булар ошол Ооганда окко учушкан  мекендештерибиздин арбактарынан акча жасап, жан багып келишкен. Анткени, Ооган согушу биздин кырчындай 250дөн ашуун жигиттерибиздин башын жуткан. Согушка катышпаган жалганчы ардагерлердин кулкунуну куюлган 80 млн.сом ошол маркумдардын үй-бүлө, туугандарына берилсе, алда канча адилеттүү болмок.  Мындай жүзүң кургурларды эми мыйзам чегинде катуу чара көрүп, жеген акчаларды кустуруп, талапка ылайык жоопко тартуу зарыл! Эгерим ырайым берилбесин…

Айбек ШАМШЫКЕЕВ 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here