Экс-президент Атамбаевдин колтугуна кирип кетип, өз бактысын ошол жактан тапкан чала ырчы Ибрагим Жунусов деген элге “Эламан” деген ыры менен таанылган. Чынында ал ырдын бактысын өзү эмес, Динара Акулова ачканы ырас. Ырдап жүрүп саясатка секирди. Бакиевдер менен катуу ынак болуп “Ак жолдон” депутат болуп,  “Каркыраны” казактарга карматты. Анан элдин баарын уялтып Эл артисти наамын алды. Атамбаев тушунда деңгээли жетпесе да вице, анан министр болду, акыркы үч жылдан бери Түркияда элчи болуп эс алып жүрөт. Ошол өзүн Асанкалый  Керимбаев менен Рыспай Абдыкадыровго теңеген Ибрагимдин баягы Эламан деген баласы эр жетип, учурда “Манас” аэропортундагы Бажы кызматында  жетекчилик кызматтардын биринде иштейт экен. Ошол ырда айтылган Эламан деген чоңойгону жаман чыр неме болуп алган  окшобойбу. Жакында эле кызматтан кеткен Раиммиллионду катуу жоктоп, өтө зарлап жатат дейт. Көрсө, Раиммиллион бул жигитти бир топ таптап, “жашыл жарык” күйгүзүп берсе керек. Эмитен ушундай экен, эми дагы чоңойсо далайды куратат көрүнөт. Чынында таланты болгон менен Ибрагим мырза мактаарлык  таза адам эмес. Эл билип, биле элек көп былыктары бар. Анан “Алма сабагынан алыс түшчү” беле…

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here