Деги эле, Кыргызстандын Бажы кызматынын багы ачылбай койду. Башынан бери эле коррупцияга кокусунан малынганы бешиктеги балага да бештен белгилүү. Акаев, Бакиев тушунда деле бул тармактын жетекчилик кызматындагылар жогорку бийликтин бийик жеринде олтургандарга “кошелек” болуп келишкен. Атамбаевдин убагында деле андай вазийпаны аткаргандар болду. Бакиевдин тушунда Кубанычбек Кулматов Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, кеңешчи кызматарын аркалаган.

2010-жылы Атамбаев аны төрага кылып, революциянын деми, Атамбаевдин катуу талабы менен Бажы төлөмдөрү кыйла көбөйгөнү ырас. Ушундан улам аны Бажы кызматын кыйын билет деп мактап алгандар да бар. Кыйын билгени менен башка жактарын кыйратып келди. Бажыдан кеткени, Чүйгө губернатор, Бишкекке мэр, Орус-кыргыз фондусуна төрага болуп иштеди. Бул кызматтарда жүрүп эч нерсени кыйраткан жок. Элден катуу сын укту. Же көрүндү. Анан үч ай мурун Улуттук банкка төрага болуп дайындалды эле. Эми кайра аны экинчи ирет өзү Бажы кызматына төрага кылып дайындашты. Эл мындай дайындоого чыны менен катуу нааразы болуп турат.  Буга чейин Раиммиллион деген бир “ажыдаардан” кутулду эле, кайра Кулматов деген кураткан экинчи ажыдаарга тутулду. Мындайлар элдин шоруна бүткөндөр окшобойбу. Деги элди ойлошобу, жогорку жактагылар, же жегичтерге жем кыла беришеби?

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here