— Асанбек Алмусаевич, өзүңүз тууралуу окурмандарга маалымат бере кетсеңиз?

—  Мен ушул айылда карапайым жумушчунун үй-бүлөсүндө туулгам.  7 бир туугандын бешинчисимин. Мен ата-энеге каралашып үйдө калдым.  Эмгек жолумду дал ушул туулуп өскөн айылыма келип, мугалим болуп баштагам.   Айылда   өсүп,   айылда калып иштеп жаткандыгыма байланыштуу өз жеримдин атам замандан берки тарыхы менен  бирге ушул мезгилдеги жетишкендиктери менен проблемарын жакындан билем. Киндик кан тамган айылымды өстүрүп өнүктүрүү үчүн бел байлап, айыл өкмөт башчылыгына талапкерлигимди коюп, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын колдоосу менен быйыл февраль айында айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайландым. Мен буга  чейин деле айылыбызды жакшыртуу үчүн аздыр-көптүр салымымды кошуп келдим десем болот. Жергиликтүү кеңешке төрт жолу депутат болуп шайландым. Биздин айыл  райондук борбордон 100 чакырымдай алыс жайгашкан. Башкача айтканда жолдун алыстыгынан жана татаалдыгынан 2000-жылдары райондук жетекчилер айылыбыздан кабар албай калган мезгилдер да болгон.   Ошондо айылдан чыккан мыкты ишкер жигиттердин бири Абдиев Мелис айылыбыздын ички жолдорун оңдоо боюнча демилге көтөрүп 20 миң сом акча өз чөнтөгүнөн берген. Калган каражатты айыл тургундары көтөрүштү.   Мен айылдык кеңешке депутат элем.  Кара-Көл шаарынын ДЭУсунун жетекчисине кайрылдым. Алардын жардамы менен ошол жылдары ички жолдорубузду   оңдоп алганбыз. Айыл арасындагы жолдордун отуздан ашык жерине трубаларды айыл тургундарынын күчү менен орнотконбуз. Эми андан бери 10-15 жыл өтүп, кайрадан жолдорубуз оңдоого муктаж болуп турат.

  — Ушул жылы сиздердин айыл өкмөттө кандай иштер аткарылды жана   кандай проблемаларды чечүүнүн үстүндө иш алып барып жатасыз?

-Азыр элет турмушу 90-жылдардагыдай эмес. Кудайга шүгүр кылыш керек, элибиз мал-жандуу, токчулукта жашап жатат.  Тоолуу айыл болгондуктан элибиз негизинен мал чарбачылыгы менен алектенет.  Мал багуунун дагы өзүнчө түйшүгү, өз машакаты болот эмеспи. Ал эми айыл өкмөтүнүн түздөн-түз милдеттеринин бири — айыл тургундарына ыңгайлуу шарт түзүп берүү болуп саналат. Мисалы, жаз айында эгин айдоого чейин малды жайлоого чыгарып кетүү керек болсо, жайкысын дары-дармек, туз менен камсыз кылуу, күзүндө жыйын- терим аяктаганча малды айыл аралатпай кармап туруу керек. Ушул жаатта биздин айыл өкмөттүн аппараты тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп,  үзгүлтүксүз иш алып бардык. Жыйынтык жакшы, тоюттар өз учурунда даярдалып, азыр малды жайлоодон толук түшүрүп бүттүк. Ошондой эле биздин айыл аймагыбызга караштуу Калбык участкасына отуздай түтүн эл СССР ыдырап кеткенден кийин   ата-бабаларынын журтуна барып отурукташкан. Ушул мезгилге чейин жарыгы жок жашап келишкен. Быйылкы жылы атайын фонддон 950 миң сом акча которулду. Буйруса жакынкы күндөрү ал айылга электр линиялары тартылып калат деп күтүп жатабыз.  Дагы баса белгилеп кетчү маселе, ушул жылы айылыбызга “Арис” программасынын алкагында бала-бакча ачылып, он алты адам жумуш менен камсыз болду. Тамак бышыруучу бөлмөнү айыл өкмөтүнүн күчү менен бүтүрүп, таза суу чыгарып бердик.   Ошондой эле айылдын негизги көчөсүндө эки көпүрө КРнын Транспорт жана жолдор министрлигинин жардамы менен учурда оңдолуп түздөлүүдө.  Айылыбызга спорт зал ачылды. Ага жалпысынан 1 миллион сом каражат жумшалды. Бул залдын ачылышына 340 миң сом жардам берген, биздин өрөөндүн кулуну, учурда ЖКнын депутаты О. Артыкбаевдин ысымын атап коюшум керек. Калган каражатты жергиликтүү элибиз жана биздин айылдан чыккан мыкты ишкерлер каржылашты.  Андан сырткары айыл өкмөт тарабынан   айылдын чет жагында таштандыларды төгө турган жай даярдалды.

-Айылда  чечилбей жаткан кандай көйгөйлөр бар?

— Биздин айыл аймагыбыз 3600  тургуну бар, райондук борбордон 100

чакырым, темир жолдон 400 чакырым алыстыкта жайгашкан  чакан айыл өкмөт. Болгону  1 млн. 200 миң сом бюджетибиз бар. Ошол себептен   каражат талап кылынуучу проблемаларды жогоруда белгилеп өткөндөй, айылдан чыккан ишкер адамдарыбыз аркылуу чечип келебиз.   Айыл өкмөттүн күчү менен   көйгөйлөрдү чечсек деп аябай аракеттенүүдөмүн. Бирок, андай деңгээлге жете албай жатабыз. Айылыбызда учурдагы  чоң көйгөй бул — ички жол маселеси. Азыркы шартта заманга жараша элде   автоунаа   көбөйдү. Бирок,   айыл ичиндеги жолдорубуз талапка жооп бербейт. Негизги жолубузду оңдоп түзөө жоопкерчилиги дагы Кара-Көл шаарынын ДЭУсуна карап калган. Аларда болсо техника жетишсиз жана жол алыс болгондуктан учурунда жардам көрсөтө алышпайт. Ошондуктан Токтогул райондук ДЭУга каратып койсо жакшы болмок. Себеби, райондук ДЭУда 3 грейдер бар, ал эми Кара-Көл шаардык ДЭУда бир гана грейдер. Ошондой эле дагы бир көйгөйүбүз, бул-таза суу маселеси. Айылды таза суу менен камсыз кылуу боюнча аракет жүргүзүлүп, өткөн жылы айылдын башындагы Күрөң каналын реабилитациялоо үчүн атайын фонддон 7 жарым миллион сом каражат бөлүнгөн. Ошондо каналды оңдоп түзөө менен бирге айылды таза суу менен камсыз кылууга керектеле турган  аянтты кошо даярдаганбыз.  Негизи ал жерге эч кандай насостук станцияны курбай эле трубалардын жардамы менен   сууну айылга  тартып келсе болот.  Каражаттын жетишсиздигинен  ишке ашыра албай жатабыз.

      -Коррупцияга каршы кандай иш-аракеттер жүргүзүлүүдө?

— Коррупция бул — чоң көйгөй. Бирок, чындыгын айтыш керек айылда эмес, шаарларда, жогорку кызмат орундарында көбүрөөк кездешет. Ал эми бизде, мен жогоруда айтып өткөндөй, айылыбыз чакан. Бардык нерсе ачык айкын. Коррупцияны көзөмөлдөө боюнча атайын комиссия түзгөнбүз. Кадр саясатына ылайык бош орунга кызматкерлер  конкурсттук негизде тандалат. Айыл өкмөтү тарабынан аткарылып жаткан иш-аракеттерге карапайым калк өзү күбө жана дайыма көз салып турат. Биздин элибиздин башкалардан өзгөчөлүгү — айыл өкмөттүн аппаратындагы кызматкерлер кандайдыр бир чекилик кетирип алса  бетке айтышат жана дароо жетекчиликке кайрылышат. Башкача айтканда,   коррупцияга   жол беришпейт десем болот.  Белгилей кетчү жагдай, Өкмөтүбүз тарабынан кабыл алынган   “Жаңы доорго кырк кадам” улуттук программасында камтылган электрондук негизде иш-чараларды жүргүзүү айыл жерлеринде да жүзөгө ашса, коррупцияга негиз боло турган тоскоолдуктарды жоюуга чоң өбөлгө түзүлмөк. Тилекке каршы, азырынча айыл эмес, шаарларыбызда жакшы жолго коюла элек.

    — Асанбек Алмусаевич, сиздин пикириңиз боюнча айыл өкмөттүн башчысын    жергиликтүү кеңештин шайлаганы туурабы же жалпы айыл элинин тандаганыбы?

— Эми бул маселе боюнча өз оюмду айтсам.   “Эл тараза, эл сынчы”-дегендей, аткарып аткан иш-аракеттериңе жараша жалпы калк баа берип, калыс тандап алса жакшы. Ал эми жергиликтүү кеңеш тарабынан шайланганда, көбүнчө депутаттардын кызыкчылыгы негизги ролду ээлеп калат экен.  Ошондуктан, айыл өкмөттүн төрагасын жергиликтүү эл тандап, шайлап алганы оң болот.

            -Кадрларды тандоодогу негизги принциптериңиз кандай?

— Кесипкөй, өз ишин мыкты билген, учурдагы суроо-талаптарга жооп бере алган, билимдүү, жөнөкөй, өзүн-өзү өстүрүүгө багыт алган адистерди тандап алууга аракеттенем.

Маектешкен Сайпидин Султаналиев